Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты. Ага ага ылайык, 25-28-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Кызыл-Бел-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымында, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

26-мартта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16,

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8, күндүз 24...26 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Ош округунан бир талапкер арыз берди"Ихсандын" үлүшчүлөрү чыгымдарды кайтаруу ишине нааразылык билдирди ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти"Чет элдик өкүл" мыйзамы: 100дөн ашык уюм президентке кайрылды