Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар көчкүсү жана кар күрткүсү болушу мүмкүн экенин эскертти. Мекеменин маалыматында, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусуна), Кызыл-Бел-Ак-Таш жолунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусуна, Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүшү ыктымал. Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ Бишкек-Ош жана башка тоолуу жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жаралганын, мындан улам жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталышы тийиштигин эскертүүдө

Буга чейин 18-мартта Бишкек-Ош жолунда 47 миң куб кар көчкү атып түшүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG