ЖК төрагасы Шакиев БУУнун Кыргызстандагы координатору Гравьени кабыл алды

Жогорку Кеңештин имараты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 25-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравьени кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү маселелери, биргелешкен долбоорлор жана алдыга коюлган пландар тууралуу сөз болгонун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Аталган уюм тарабынан Кыргызстанга көптөгөн жардамдар көрсөтүлүп, социалдык-экономикалык өнүгүүгө багытталган биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып келет. Андыктан калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүп, мындан ары да жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз", - деген Шакиев.

Муну менен катар тоолордун экосистемасын коргоо, экологияны сактоо жана жашыл экономиканы жайылтуу жаатындагы аракеттерге токтолуп, бул багытта Бириккен Улуттар уюму баштаган эл аралык бирикмелер менен тыгыз иш алып баруу башкы максат экенин белгилеген.

Парламенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Гравье Бириккен Улуттар уюму Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө багытталган аракетине жогору баасын берип жатканын, мындан ары да тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендигин кошумчалаган.

Шакиев менен Гравьенин жолугушуусу парламент талаштуу делген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору парламентте кабыл алынган учурга туш келди.

25-мартта Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Кайрылууда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мунун алдында 13-мартта медиа чөйрөнүн жана укук коргоочулардын сынына кабылган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун президент артка кайтарып, аны толуктап иштеп чыгууну тапшырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: Ош округунан бир талапкер арыз берди"Ихсандын" үлүшчүлөрү чыгымдарды кайтаруу ишине нааразылык билдирди ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти"Чет элдик өкүл" мыйзамы: 100дөн ашык уюм президентке кайрылды