“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери акцияга чыкты

“Бишкекасфальтсервистин” нааразылык акцияга чыккан кызматкерлери. 25-март, 2024-жыл.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын ондон ашык кызматкери айлык акыны көтөрүү жана ишкананын директору Эмил Жамаловду кызматтан кетирүү талабы менен 25-мартта Бишкек мэриясынын алдына нааразылык акцияга чыкты.

Алардын өкүлдөрү ушул тапта шаар бийлигинин жетекчилери менен жолугушуп жатат.

“Бишкекасфальтсервис” шаардын жолдорун салуу, оңдоо иштерин аткарат. Асфальт-бетон аралашмаларын, темир-бетон буюмдарын, жол жана жол куруу материалдарын даярдайт жана чыгарат.

Ишкананын мурдагы директору Турусбек Түмөнбаев 2023-жылы ноябрь айында кызматтан алынып, анын ордуна ушул жылдын январь айында Эмил Жамалов дайындалган. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев алты жылга кесилдиСот "Крокус Ситидеги" кол салууга шектүүлөрдү камакка алдыНигерияда уурдалган үч жүздөй мектеп окуучусу аман куткарылды"Озоди": Орусиядагы тажик мигранттары аларга карата жек көрүү күчөгөнүнө кооптонуудаЭлчилик Шереметьеводо кармалып турган кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди