УКМК Панфилов паркынын жери мамлекетке кайтарылганын билдирди

Панфилов паркынын мамлекетке кайтарылган жери.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,072 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2008-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын айрым кызмат адамдары кайсы бир ишкердин өкүлү менен келишип, Панфилов паркындагы жайкы кинотеатрдын ордун жеке менчикке мыйзамсыз бөлүп беришкен.

Ал жер Панфилов паркынын аймагы жана жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелет. Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жер тилкеси бир нече жолу сатылып, колдон-колго өткөнү аныкталган. Акыркы менчик ээси М.С.У. аянты 0,072 гектар, болжолдуу баасы 41 млн 678 миң сом болгон жерди муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүп берген.

Бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка тараптарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда кримтөбөл атыккан Салим Абдувалиев алты жылга кесилдиСот "Крокус Ситидеги" кол салууга шектүүлөрдү камакка алдыНигерияда уурдалган үч жүздөй мектеп окуучусу аман куткарылды