Нигерияда уурдалган үч жүздөй мектеп окуучусу аман куткарылды

Нигерия. Архивдик сүрөт.

Нигерияда бүгүн 24-мартта эки апта мурда уурдалган үч жүзгө жакын окуучу аман куткарылганын жергиликтүү бийлик билдирди.

Өлкөнүн түндүк-батышындагы Кадуна штатынын губернатору Уба Сани 287 окуучунун баары үйүнө кайтарылганын кабарлады. Бул операция ийгиликтүү ишке ашканы үчүн штат жетекчиси Нигериянын президенти Бола Тинубуга ыраазычылыгын билдирип, ал «окуучулардын аман-эсен куткарылышын камсыз кылып бергенин» айтты жана эч кимге бир да цент төлөнбөгөнүн кошумчалады.

Окуя 7-мартта алыскы Курига шаарында болгон. Балдарды мектепте сабакка даярданып жаткан учурда «мотоцикл менен кирип барган ондогон киши» уурдап кеткени кабарланган.

Reuters агенттиги жазгандай, балдарды уурдаган куралчан кишилер алар үчүн жалпысынан 1 миллиард найр (болжол менен 620 миң доллар) талап кылышкан, 20 күн ичинде акча бербесе баарын өлтүрөрүн айтып коркутушкан.

Калкынын жарымынан көбү жакырчылыкта жашаган Нигерияда адамдары уурдап, акча талап кылуу көп катталат. Байкоочулар бул бизнестин бир түрүнө айланган кылмыш экенин, бирок кылмышкерлер көпчүлүк учурда жоопко тартылбай каларын айтып келишет. Ислам динине жамынган ар кандай куралчан радикал топтор фермерлерге, саякатчыларга, окуучуларга кол салышат. Кээде бүтүндөй бир кыштакты да талкалап кетишет. (RK)

Дагы караңыз

Москвадагы кол салуу: Мигранттарды текшерүү күчөдү, шектүүлөр камалды Арменияда полиция имаратында жарылуу болду"Озоди": Орусиядагы тажик мигранттары аларга карата жек көрүү күчөгөнүнө кооптонуудаЭлчилик Шереметьеводо кармалып турган кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди