Орусиядагы тажикстандык мигранттар Москвадагы соңку окуядан кийин аларга карата ксенофобиялык (улутуна байланыштуу чочулоо, жерүү, күч колдонуу) мамиле күчөгөнүн, көбү көчөгө чыгуудан коркуп турганын айтып арызданып жатышканын бүгүн 24-мартта «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.
Алар Алыскы Чыгыш аймагындагы Амур облусунун Благовещенск шаарында мигранттар иштеткен кафе өрттөлгөнүн, Калуга шаарында Тажикстандын үч жаранын белгисиз бирөөлөр көчөдөн сабап кетишкенин, бири ооруканага жаткырылганын, бир катар шаарларда кардарлар тажик улутундагы такси айдоочуларынын кызматынан баш тартып, буюртма бергенден кийин тажикстандык экенин укканда өчүрүп коюп жатышканын айтып беришти.
Тажикстандын Восей районунун тургуну 23-мартта Москвада анын эки бир тууганын жана уулун кармап кетишкенин, алар менен байланыша албай жатканын билдирди.
"Үйлөрдү оңдоп-түзөө иштери менен алектенишчү, ал эми уулум наабайчы. Аларды тажикстандык башка жарандар менен кошо кармап кетишиптир", - деди ал.
«База» телеграм каналы мигранттарды кошумча текшерүү үчүн полиция жана башка күч кызматкерлеринен турган атайын топтор түзүлгөнүн, алар жатаканаларды, ишканаларды текшерип, жолдо бараткан машиналарды токтотуп, документ текшерип жатышканын жазды.
Пенза шаарынан байланышка чыккан мигранттардын бири кайра Тажикстанга кайтууну көздөп жатканын айтып берди.
Орусияда иштеген, үй-бүлөсүн көчүрүп барып, бул өлкөнүн жарандыгын алып жашап жаткан тажикстандыктар жүз миңдеп саналат.
22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы “Крокус Сити” деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, аткылай баштаган видео социалдык түйүндөргө ошол замат тараган. Ал видеолордон адамдар залдан чыгып, туш келди качып, жетишпей калгандары ошол жерден өлтүрүлүп жатканын, көп өтпөй имаратты өрт каптаганын көрүүгө болот.
Каза болгондор 130дан ашты, дагы болжол менен ошончо киши ооруканада жатат.
Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаганын билдирди.
Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө “террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын”, украин тарапта “тийиштүү байланыштары” бар болгонун жана алар орус-украин чек арасынан өтүп кетүүнү көздөгөнүн, баары Москвага жеткирилгенин маалымдады.
Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин маалымдады, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган жок.
Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып чыгышты. Москва расмий түрдө андай маалымат бере элек.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 23-мартта билдирүү таратып, журналисттерди тажик жарандарынын Орусиядагы кол салууга тиешеси тууралуу маалымат боюнча жоопкерчиликтүүрөөк болууга чакырды.
«Тажик тарап Тажикстандын жарандарынын тиешеси тууралуу жарыяланып жаткан фейк маалыматка байланыштуу Орусиянын расмий бийлигинен эч кандай расмий тастыктама алган жок», - деп айтылды мекеменин билдирүүсүндө.
Ал эми бул өлкөнүн Ички иштер министрлиги 23-марттагы билдирүүсүндө Москвадагы окуяга байланыштуу издөө жарыялангандар арасында үч тажик жараны бар экени жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланып жатканын, бирок алардын эч тиешеси жоктугун, анткени экөө азыр мекенинде экенин, ал эми үчүнчүсү ошол учурда Самара шаарында болгонун билдирди.
24-мартта тажик президенти Эмомали Рахмон Орусиянын президентиВладимир Путинге телефон чалып, көңүл айтты жана "террорчулардын улуту, мекени жана дини болбой турганын" белгиледи.
Тажикстандын Орусиядагы элчилиги өз жарандарын зомбулук мамилеге туш болбош үчүн сыртка чыкпай кое турууга чакырды.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар же жогун тактап жатат. (RK)
Дагы караңыз
Москвадагы кол салуу: Мигранттарды текшерүү күчөдү, шектүүлөр камалды Элчилик Шереметьеводо кармалып турган кыргыз жарандары тууралуу маалымат берди Газада Израилдин чабуулдарынан бир күндө 84 адам каза тапканы маалымдалдыОрусия Украинага чабуулун улантты, ракеталардын бири Польшага чейин жеткени кабарланды