Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Газада Израилдин чабуулдарынан бир күндө 84 адам каза тапканы маалымдалды


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Газа секторунда бүгүн 24-мартта да айыгышкан кармаш жүргөнүн France-Presse агенттиги (AFP) билдирди. Сектордун ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) тобу көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси бир күндө 84 адамдын өмүрү кыйылганын, жалпысынан жарым жылдан бери уланып келе жаткан согуштун айынан каза болгондор 32 миңден ашканын маалымдады.

ХАМАС израилдик аскерлер 60таш ашуун авиачабуул жасаганын, Газа, Хан-Юнис шаарлары жана башка райондор алардын артиллериялык аткылоосуна кабылганын билдирди.

Израиль кыргын салуучу учактары (истребитель) менен 65 жерди бутага алганын, арасында «чабуул жасоо үчүн колдонулуп келген террордук туннель, куралчан террорчулар жайгашкан аскердик комплекстер жана кошумча инфраструктура талкаланганын» кабарлады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш Газанын жай тургундарын «апаат жана ачарчылык тооруп турганын» белгилеп, атышууну тез арада токтотууга, барымтадагы адамдарды бошотууга чакырды жана согуш басылбаса кырдаал ого бетер курчуй турганын эскертти. (RK)

XS
SM
MD
LG