Орусия Украинага чабуулун улантты, ракеталардын бири Польшага чейин жеткени кабарланды

Киев. 2024-жылдын 24-марты.

Бүгүн 24-мартта таңга жуук Украина кайрадан, соңку төрт күндөн бери үчүнчү жолу Орусиянын ракеталык жапырт аткылоосуна кабылганын өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ракеталардын бири Украинанын батыш тарабындагы коңшусу Польшанын аймагына чейин өткөнү кабарланды.

Украинанын маалыматына караганда, өткөн түнү Орусия учурган канаттуу 29 ракетанын 18и жана 28 «Шахед» учкучсуз учагынын 25и атып түшүрүлдү.

Борбор калаа Киевдин аба мейкиндигинде 10 ракета кармалганы, алардын сыныктары түшкөн айрым жерлерде үйлөр талкаланганы маалымдалды, адамдар арасында жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Украинанын батышындагы аймактарга учурулган орусиялык канаттуу ракеталардын бири Польшага чейин жеткенин, 2 чакырымдай аралыкка кирип барганын польшалык аскерлер билдиришти.

«Объект Польшанын аба мейкиндигине кирип, Осердов кыштагынын үстүндө 39 секунд болду», — деп билдирди өлкөнүн Куралдуу күчтөрү жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык аракет көрүлгөнүн, өзүлөрүнүн жана союздаштарынын авиациясы колдонулганын кошумчалады.

Орусия бул боюнча комментарий бере элек.

Польшанын Тышкы иштер министрлиги Орусиядан түшүндүрмө талап кылып, расмий Москваны «террордук аба чабуулдарын токтотууга» чакырды. (RK)

Дагы караңыз

Укук коргоочу Чупик Москвада мигранттарга кысым күчөгөнүн айтты Москвадагы кол салуудан кийин Благовещенскиде соода күркөсү өрттөлдү Орусия: курмандыктар 140тан ашты, дайыны чыкпагандар барБишкекте милиция соода жайларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө