Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Москвадагы кол салуудан кийин Благовещенскиде соода күркөсү өрттөлдү


Орусиянын Благовещенск шаарындагы өрттөлгөн күркөлөрдүн бири.
Орусиянын Благовещенск шаарындагы өрттөлгөн күркөлөрдүн бири.

Орусиянын Благовещенск шаарынын мэри Олег Имамеев жашылча-жемиш саткан күркөнү өрттөп кетишкенин кабарлады. Өзүнүн Телеграм-каналына жазган билдирүүдө бул “улуттук негизде жасалганы айныксыз” экендигин белгилеген.

“Шаарда соода күркөсүн өрттөп кеткен учур болду. Улуттук негизде экени анык. Эч кандай күнөөсү жок адамдар каза болуп же жабыркап калышы мүмкүн болчу. Мындай нерсе эч качан кайталанбасын!” - деп жазган Благовещенскинин мэри.

Бул окуя “Крокус Сити Холлдогу” бери дегенде 133 кишинин өмүрүн алган куралдуу кол салуудан кийин катталды.

Аткаминер “Крокус Ситидеги” окуя боюнча жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террористтик тобу өзүнө алганына карабай, кол салгандарды “бандерачылардын калдыктары” деп атаган.

Благовещенск Орусиянын Кытай менен чектешкен Амур облусунун административдик борбору.

Телеграм-каналдарда мас абалындагы айдоочу көчөмө-көчө кыдырып, эки күркөгө бензин чачып өрт койгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG