Бишкек ЖЭБдеги авариядан жабыркаган кызматкер дары-дармекке акча бөлүнгөнүн, бирок кенемте төлөнбөй жатканын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Ал азырынча жумушка жараксыз экенин, дагы алты ай иштей албасын билдирип, жардам сурады. Кайрылуудан кийин Эмгекти көзөмөлдөө кызматы дагы комментарий берип, мыйзам боюнча жабырлануучуга кенемте төлөнүшү керектигин айтты.
2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда.
Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылууда Чыңгыз Бактыбековдун эки колу чыканактан өйдө, бети, кулактары күйүп калган. Дарыгерлер абалы орто оор деп баалашкан.
Ал бир айга чукул убакыт дарыланып, ооруканадан чыкканын, бирок толук жакшы боло электигин белгилейт. Бактыбеков ЖЭБдин жетекчилиги кенемте төлөп бербей жатканын айтып, өлкө жетекчилерине кайрылды.
"Ооруканада карап, ооруну басаңдаткан дарыларды сайып жатышты. Ал дарылар өтө ачуу болгондуктан кетонал сыяктуу дарыларды сатып алып ичип жаттык. Биз чекти өткөргөндө акча бөлүп берип, камсыздайбыз деген. Бизде бала-чака, үй-бүлө бар, насыябыз да бар болчу. Ооруканада жатканда ошолорду жаап, өзүбүз кылып беребиз дешкен. Ооруканадан чыккандан кийин эле акча бөлүнбөй калды, айыктың дегендей кылып коюшту. Дары-дармек алыш керек, насыя жабыш керек, тамак-аш алыш керек. Ошонун баарын камсыздабай койду. ЖЭБге келсек, колуңардан келгенин кылгыла, сотко кайрылгыла, сот аркылуу сүйлөшөлү деп кубалап чыкты. Бизге толук айыкканга чейин камсыздайбыз дешкен. ЖЭБдин жетекчилиги жалгыз келген эмес ооруканага. Ал министр, депутаттар менен келген. Ошондо дагы сөз болгон. Ооруканадан чыккандан кийин санаторийге жөнөтөбүз, дарылайбыз деген. Ошонун бири дагы жок болуп жатат да".
Дагы караңыз
Жылуулук электр борборундагы кырсык: жоопкерчилик кимде?
Чыңгыз Бактыбеков кырсык учурунда алган жаракаттын кесепети дале тарай электигин, катуу доош чыкканда чочуп, уйкусу качып жатканын айтат. Ал жабыркагандарга деп бөлүнгөн каражат дарегине жетпей жатат деп эсептейт:
"Мамлекет жардам бербей жатат дегенден алысмын. Жогорку Кенештен, президенттин өзүнөн деле жабыркагандарга деп жардам берилип жатат. Ошол бизге жетпей жатат. Жардамды биз кайырчыдай болуп сурап алып жатабыз. Биринчи күнү келгенде тилдеп, кубалап чыгат. Экинчи күнү деле ошол, үчүнчү күн дегенде алып кетсең дагы жакшы. Бизге айлык ушул жактан төлөнчү. Өндүрүштүк кырсык болгондон кийин айлык катары эле которуп турса, биз бул жакка басып дагы келбейт элек, жалдырабайт элек. Биз акчага жалдырап, кайырчыдан жаман болуп жатабыз. Ооруп жаткандагы кагазы жабылмайынча айлык которулбайт, ошол кезде жардам берип тургула десек, сот аркылуу чечкиле деп атат. Катуу үн чыгып кетсе чочуп ойгонуп, уйку бузулуп жатат. Психологго дагы барыш керек, молдого дем салдырыш керек. Биз чек ала албай турган дагы нерселер болуп жатат. Бул жактан чектин негизинде дейт, бирок дары-дармек жана тамак-аштын чегин алып келсек, аны жаратпай коюуда. Өкмөт эле эмес, жеке ишкерлер дагы жардам берип жатыптыр, бирок булар бөлүп бербей жатат. Ал акча бизге такыр жеткен жок".
Бишкек жылуулук борборунун маалымат кызматы иликтөөнүн жыйынтыгында ЖЭБдин беш жумушчусу жаракат алган кырсык өндүрүшкө байланыштуу болгон деп табылганын билдирди.
Анын негизинде ар бир жабырлануучуга N1 формасындагы актылар түзүлгөн. Бул кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат.
Кайрылуудан кийин Чыңгыз Бактыбековду 22-мартта ЖЭБдин жетекчилиги кабыл алды. Мекеменин жетекчисинин орун басары Ажыбек Султакеев жабыркагандарга мыйзамдын чегинде жардам берилип жатканын "Азаттыкка" билдирди:
"Бактыбеков ооруканадан чыкты. Буга чейин дагы жардам берип келгенбиз. Эми дагы мыйзамдын чегинде жардам беребиз. Кантип эле өзүбүздүн кызматкерлерге жардам бербей койолу. Ал биздин кесиптешибиз болсо, атасы дагы бизде иштейт. Ооруканада жаткан учурда 49 миң, андан кийин дагы 90-95 миң сом жардам берилди. Колдон келген жардамды берип жатабыз. Кесиптештер бир күндүк маяналарын балдарга деп которуп жатабыз".
ЖЭБдин тийиштүү коопсуздук кызматы Чыңгыз Бактыбеков ден соолугуна байланыштуу жумушка чыга албай жаткан убакта саламаттыгына жумшаган чыгымдарын кайтарып берүү өтүнүчү менен жеке өзү арыз жазышы керектигин айтты. Кызматтын өкүлү жабырлануучу мындай арыз бере электигин кошумчалады. Чыгымдарга тамак-аш кирбейт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгекти көзөмөлдөө кызматы дагы Бактыбековдун жагдайы тууралуу комментарий берип, мыйзам боюнча кенемте төлөнүшү керектигин айтты.
Мекеме иш берүүчү келтирилген зыяндын ордун толтуруудан баш тартса, Эмгекти көзөмөлдөө кызматы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрө турганын эскертти:
"Эмгек кодексинин 225, 231, 235 жана 244-беренелери боюнча кызматкер эмгек милдеттерин аткарып жаткан тапта жабыркаса, иш берүүчү келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат".
Дагы караңыз
Жарылуудан кийин: Бишкекке кандай жылуулук борбору керек?
Быйыл 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги Тез жардам борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияда дарыланууда. Бирөөнүн абалы орто оор деп бааланып, Бишкекте дарылануудан өттү.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги бейтаптарды дарылап жаткан түркиялык дарыгерлерге шилтеме кылып, жарылууда жабыркаган эки адамдын абалы турукташып, айыга баштаганын билдирген. Мекеме пластикалык операциядан кийин алар жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которуларын кабарлаган.