Күйөөсү согушка жөнөтүлгөн аялдар акциясы тууралуу жазган журналист Орусиядан чыгарылды

Күйөөлөрү согушка жөнөтүлгөн аялдардын нааразылык акциясы.

Орусияда испаниялык El Mundo басылмасынын кабарчысы Хавьер Коластын визасынын мөөнөтү узартылбай, өлкөдөн бир сутка ичинде чыгып кетүү талабы коюлду.

Визасы аяктаганча чыгып кетип калбаса ага көйгөй жаралары эскертилгени, ошондуктан Орусиядан кетүүгө мажбур болгону белгиленди.

"Биз, кабарчылар, кайсы жерде мүмкүнчүлүк берилсе, ошол жерде иштейбиз. Бирок эмне деп айтарыбызга же айтпай коюубузга кимдир бирөөнүн буйрук кылышына мүмкүнчүлүк бербейбиз ", – деди Колас.

El Mundo азыркы тапта Орусияда чет элдик журналисттердин иштөөсү оорлогонун, полиция кызматкерлери Колас жашаган жерге барып, күйөөлөрү мобилизация аркылуу согушка кеткен аялдардын акциялары тууралуу жазууну токтотушу керектигин талап кылышканын билдирди.

Күйөөлөрүн үйгө кайтарууну талап кылган аялдардын нааразылык акцияларын аталган гезит «согушка каршы маанайдын байкалган, көп эмес белгилеринин бири» деп атаган.

«Журналисттик визанын мөөнөтүн узартуудан баш тартуу – авторитардык режимдердин сөз эркиндигин чектөө жана өлкө ичинде болуп жаткан окуялардын эл аралык маалымат мейкиндигине жарыяланып кетпеши үчүн колдонулуучу кадимки инструменти» деп эсептейт El Mundo.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери бул өлкөдө цензура жана журналисттерге басым күчөдү. Көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары кеңсесин башка өлкөлөргө көчүрүп кетти, айрымдары ишин таптакыр токтотту. Бир катар медиа кызматкерлери кылмыш жообуна тартылуудан коркуп, согуш темасын бийлик каалагандай кылып чагылдыруудан баш тартып, сыртка чыгып кетишти. (RK)

Дагы караңыз

Ноорузду 300 миллиондон ашуун киши майрамдайтЕБ саммитинде Украинага жардам маселеси каралат Навальныйдын апасынын сотко жазган арызы четке кагылды Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши, жаанга карабай оюнду сүрөгөн күйөрмандар