ЕБ саммитинде Украинага жардам маселеси каралат

Украин аскерлери. Архивдик сүрөт.

Украинага жардам Бельгиянын борбору Брюссель шаарында бүгүн 21-мартта башталып жаткан Европа Биримдигинин лидерлеринин эки күндүк саммитинде карала турган маселелердин бири экенин Reuters агенттиги билдирди.

Анда биримдиктин коргоо өнөр жай тармагын күчтөндүрүү жана Украинаны эң зарыл курал-жарак менен камсыздоо чаралары талкууланары, өнөр жай тармагы боюнча комиссары Тьерри Бретон өз сунуштарын берери маалымдалды.

Украинада Орусиянын чабуулдарына каршылык көрсөтүү үчүн курал-жарагы жетишпей жаткан шартта биримдиктин кароосуна коюла турган сунуштар ага мүчө өлкөлөрдүн европалык ишканалардан курал-жарак сатып алууга болгон кызыгуусун арттырары, ошондой фирмалардын өндүрүш кубаттуулугун бекемдей турганы белгиленди.

Биримдиктин өкүлдөрүнүн пикиринде, ар бир өлкө бул багытта өз-өзүнчө иштегенге караганда биргелешип кызматташуусунун натыйжасы кыйла жакшы болот.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып, Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан.

20-мартта министр «Рамштайн» форматындагы жолугушууда өнөктөштөрдөн жардам жакынкы эки аптада тиет деген үмүт бар экенин билдирди. (RK)

Дагы караңыз

Навальныйдын апасынын сотко жазган арызы четке кагылды Көк бөрү: "Ынтымактын" жеңиши, жаанга карабай оюнду сүрөгөн күйөрмандарКыргызстандагы НоорузКаргашалуу Аксы окуясына 22 жыл болду