Белгороддун "кырдаал чыңалган" аймактарынан чыгып кетүү сунушталды

Белгород.

Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу бүгүн 21-мартта да ракеталык чабуулга кабылганын, чыңалган кырдаалдан улам тургундар башка коопсуз аймактарга бара турушу зарыл экени эскертилип жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Украин чек арасынан беш чакырым аралыктагы Грайворон шаардык округунун администрация башчысы Геннадий Бондарев жергиликтүү тургундарды эвакуацияга чакырды.

«Округда калгандарга кайрылам. Кырдаал чыңалган бойдон турат. Туура чечим кабыл алып, шаар округунан убактылуу чыгып кетүүгө чакырам», – деп жазды ал өзүнүн телеграм-каналына.

Бондарев аларды Ярослав облусу кабыл алууга даяр экенин, азык-түлүк жеткирилип турарын айтты.

Грайворон округу Украинанын Харьков жана Сумы облустары менен чектешет. Соңку кезде аймак аткылоого көп кабылууда. 20-мартта эки жай тургун каза болгону маалымдалган.

Белгород облусунун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-18-мартта бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болгон, жараат алгандар 82ге жеткен.

Чабуулдар үчүн орус тарап Украинаны айыптоодо. Украин бийлиги комментарий бере элек.

21-мартта Белгород облусунун аймагында жалпысынан жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 10 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнүн Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Облус башчысы Вячеслав Гладков беш киши жараат алганын, баары ооруканага жеткирилгенин, көп кабаттуу үйлөрдө 30га жакын батир талкаланганын, электр зымы үзүлүп, 5 миңдей киши жарыксыз калганын айтты. (RK)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Саясатчы Бектур Асановго Түркияда операция жасалатКөк бөрү: "Ынтымак" командасы чемпион болдуПутин жыйырма чакты өлкөдө атаандаштарына караганда аз добуш алганы белгилүү болдуКыргызстандагы Нооруз