Еврокомиссия Украинага 4,5 миллиард евро бөлдү

Урсула фон дер Ляйен.

Европа комиссиясы Украинага бюджеттик колдоо көрсөтүү боюнча программасынын алкагында алгачкы каражатты бөлгөнүн бүгүн 20-мартта уюмдун башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирди.

«Бүгүн Украина үчүн жакшы күн. Европа комиссиясы Украинага деген 50 миллиард евролук фонддон 4,5 миллиард евро бөлдү», - деп жазды ал Х социалдык түйүнүнө (мурдагы Twitter).

Еврокомиссиянын Украинага бюджеттик жардам программасы 2027-жылга чейинки мөөнөттү камтыйт.

Европа Биримдигинин лидерлери Киевге 2024-2027-жылдарга жардам планын быйыл февраль айынын башында кабыл алышкан. Кийин аны биримдиктин Кеңеши жана парламенти бекиткен.

Март айынын башында Еврокомиссиянын вице-президенти Валдис Домбровскис мартта 4,5 миллиард, апрелде 1,5 миллиард евро бөлүнөрүн айткан. (RK)

Дагы караңыз

"Түрк жарандарына паспорт мыйзамдуу берилген". Соттун чечими, Инандынын иши 20-март: Аскат Жетиген кайра камалды, Кадыров абактан чыкты, Лаззарини Газага кире албай калды Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 994,3 млн сомго көтөрүлөтАкын Аскат Жетиген эки айга камалды