Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:40

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталы 994,3 млн сомго көтөрүлөт


Садыр Жапаров. Бишкек. 20-март, 2024-жыл.
Садыр Жапаров. Бишкек. 20-март, 2024-жыл.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уставдык капиталын 394,3 млн сомдон 994,3 млн сомго чейин көтөрүү чарасы каралып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-мартта “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун кеңсесине барган учурда билдирди.

Мамлекет башчы мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды, капиталында 50%дан ашык мамлекеттин үлүшү бар бардык чарбаларды балансындагы мүлкүн жана жоопкерчилигин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан камсыздандырууга милдеттендирген жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жеке тараптарды мүлкүн жана автоунааларын түрдүү кырсыктардан коргоону камсыздоо үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна каттоого чакырды. Мамлекет башчы мамлекеттик уюм ишенимдүү болорун бекемдеди. Ошондой эле жарандардын мүлкүн коргоого алардын укуктары менен эркиндигин коргоо сыяктуу эле артыкчылык берилиши керектигин айтты.

Садыр Жапаров акыркы 30 жылда камсыздандыруу тармагына мамлекеттик колдоо жетишерлик болбогондуктан, өлкөдө камсыздандыруу деңгээли төмөндөп кеткенин өкүнүч менен белгиледи. Ошол эле маалда камсыздандыруунун келечегин туура түшүнгөн жеке жактар мамлекеттен озунуп, жеке камсыздандыруу компанияларын ачканын айтты.

Ушул тапта өлкө аймагында 1 мамлекеттик жана 14 камсыздандыруу компаниясы иш алып барат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG