Орусиянын камактагы активдерин Украинага курал сатып алуу үчүн колдонуу сунушталууда

Жозеп Боррел.

Жозеп Боррел.

Орусиянын Европада камакта турган активдеринен түшкөн кирешенин 90% Украинага курал-жарак сатып алууга жумшоо керек экенин бүгүн 19-мартта Европа Кеңешинин тышкы саясий мекемесинин башчысы Жозеп Боррел билдирди.

Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал курал-жарак сатып алууга каражатты Европалык тынчтык фонду аркылуу алып колдонсо болорун айтты.

Ал эми калган 10%, Евробиримдиктин башкы дипломатынын айтымында, Украинанын коргоо өнөр жай тармагынын мүмкүнчүлүгүн бекемдөөгө колдонсо туура болот жана ал ушундай сунушун Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин саммитинде кароого сунуш кылат. Саммит 21-мартта өтөт.

АКШ жана Европа Украинага кол салганы үчүн Орусияга санкция жарыялап, анын Европадагы бир катар активдерин камакка алган.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап, Украинанын аскердик гана объектилерин бутага алып жатканын, жай тургундардын өлүмүнө тиешеси жоктугун айтып келет.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров 25-февралда «Украина. 2024-жыл» форумунда сүйлөп жатып Батыш убада кылган аскердик жардамдын жарымы өз маалында келбей жаткандыктан Украина жоокерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айткан. (RK)

Дагы караңыз

Мадумаровдун соту: Прокурор жазадан бошотууну сурады "Чет элдик өкүл" мыйзамы: Президент кандай чечим кабыл алат? Казакстанда акимдин уулу окуучу кыздын сабалышына айыпталуудаГаза: Рафах шаарына абадан сокку уланууда