Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Казакстанда акимдин уулу окуучу кыздын сабалышына айыпталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда акимдин уулу окуучу кыздын сабалышына айыпталып жатканы тууралуу маалымат тастыкталганын бүгүн 19-мартта “Азаттыктын” казак кызматы билдирди. Агартуу иштери боюнча вице-министр Едил Оспан социалдык түйүндөрдө тараган Павлодар облусунда район акиминин уулу окуучу кызды сабап, мурдун сындырганы тууралуу маалымат анык экенин айтты:

«Ооба, ошондой факт болгону анык. Интернетте, социалдык түйүндөрдө пайда болгон ар бир кабар боюнча дыкат териштирүү жүргүзүп, сөзсүз түрдө тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымат берип турабыз. Бул окуя боюнча айтарым – иликтөө жүрүп жатат, албетте, чара көрүлөт. Тууганчылык байланышы тууралуу айта турган болсок, ал маалымат да тастыкталууда», — деди вице-министр 19-мартта өткөн брифингде.

Буга чейин бул окуяга байланыштуу «туура эмес тарбиялаганы үчүн» деген негизде кыздын апасы жоопко тартылганы маалымдалган, бирок андай чечимдин чыгышына кайсы жагдай себеп болгону айтылган эмес.

Бүгүнкү брифингде журналисттер баланын жана анын ата-энесинин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрүштү.

Бала укугун коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Юлия Овечкина иш ювеналдык сотто каралганын, баланын ата-энесин да административдик жоопко тартуу маселеси каралганын билдирди.

Окуя быйыл январь айында Павлодар шаарындагы мектептердин биринде коридордо болгон. Алтынчы класстагы окуучу бала менен жетинчи класста окуган кыз чырдаша кеткен. Окуя жалпы коомчулукка өткөн аптада гана белгилүү болду.

Кайсы райондун акими тууралуу сөз болуп жатканы азырынча белгисиз.

Павлодар облусунун полиция департаменти кыз ооруканага жаткырылганын, баланын атасы «жашы жете элек баланы тарбиялоо милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаганынын кесепетинен башка бирөөгө залака тийди» деген негизде жоопко тартылганын, иш сотко өткөнүн маалымдаган.

XS
SM
MD
LG