Министрлер кабинети калкка электр энергиясына болгон бааны ушул жылдын июнь айында эмес майдан тартып көтөрүүнү сунуштады. “Кыргызстандын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду.
Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин маалыматы боюнча, инфляциянын деңгээлин эске алуу менен 2024-жылдын 1-майынан тартып электр жарыгы 10,8 тыйынга кымбаттайт. Айына 700 кВт сааттан ашык керектөөдө (бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын аймакта жашаган калктан сырткары) 23,3 тыйын кошулат.
Электр энергиясын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандарга 35,4 тыйын, электр жарагын айыл чарба, өнөр жайга колдонгондорго 31 тыйын кошулат.
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2023-жылы 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болгон. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ошондой эле электр жарыгын чектөөсүз (лимитсиз) пайдаланууну каалагандар үчүн 5 сом 4 тыйын өлчөмү 2022-жылы июль айында кирген. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкекте жол эрежесин бузганы үчүн төрт автобустун айдоочусу иштен алындыБишкекте Нооруз майрамы үч күн майрамдалатӨкмөт “Жунда” заводу күзүндө иштеп баштарын билдирдиДепутат Бекешев ооруканаларда дары-дармек жетишпей жатканын айтты18-март: Аскат Жетиген бошотулду, 24.kg сайтынын ээси алмашты, Газада аш-Шифа ооруканасына сокку урулдуБаткендин тургуну экстремисттик маалыматтарды таратууга шектелип кармалды