Орусиянын Украина менен чектеш тилкесиндеги Белгород облусу бүгүн 18-мартта да чабуулга кабылганын аймактын жетекчиси Вячеслав Гладков билдирди. Бул үчүн ал украин аскерлерин айыптап, эки киши каза болгонун айтты.
Мындан тышкары 11 жеке үй, көп кабаттуу үч үйдөгү үч батир, 37 автомобиль, жүргүнчү ташуучу бир автобус, эки ишкана талкаланганы маалымдалды.
Орусиянын Коргоо министрлиги Белгород облусунун аймагында дүйшөмбү күнү эртең менен жапырт аткылоочу RM-70 Vampire системасынын 10 реактивдүү снаряды атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Белгород өткөн апта бою аткылоого кабылды. Украин тарап эч кандай комментарий берген жок.
Облустун саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, 12-марттан бери бул аймакка жасалган соккулардан 11 киши каза болду, жараат алгандар 82ге жетти. (RK)
Дагы караңыз
"Согушту айыптоо үчүн келдик". Бишкектеги орус шайлоочуларынын акциясы Украина аймагы зениттик ракета, дрон жана авиабомба менен аткыланды Фейсбуктагы пост үчүн айыпталган Асанов боюнча мурдагы өкүм күчүндө калдыЖаратылыш паркындагы Куттуу-Сай-2 жана Калесай кендери казылабы?