Украина аймагы зениттик ракета, дрон жана авиабомба менен аткыланды

Сумы облусу. Архивдик сүрөт.

Орусия 18-мартка караган түнү Украинанын аймагын Shahed учкучсуз учактары менен бутага алганын, 22 дрондун 17син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Дрон чабуулуна Киев, Полтава, Хмельницкий, Черкассы, Кировоград, Днепропетров, Винницы, Запорожье жана Ровно облустары кабылды.

Мындан тышкары Харьков облусуна С-300/С-400 зениттик ракеталарынан бешти, Сумы облусуна Х-59 башкарылуучу авиациялык бомбаларынан экини учурушканы маалымдалды.

Сумы облусунда жекшемби күнкү чабуулдан бир жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылды, Харьков жана Херсон облустарында үйлөр, жарандык коргонуу мекемесинин имараты талкаланды.

Фронт тилкесинде 72 жерде кагылышуу болгону, орус армиясынын чабуулдары негизинен Новопавловка жана Авдеевка багыттарында көп болуп жатканы кабарланды.

Украина Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна 2022-жылдын 24-февралында кабылган. Согуш ошондон бери уланууда. Орусия бул согушту “атайын аскердик операция” деп атап келет. (RK)

Дагы караңыз

Жаратылыш паркындагы Куттуу-Сай-2 жана Калесай кендери казылабы?Нооруз майрамында Бишкекте борбордук көчөлөр жабылатКыргыз өкмөтүнүн өкүлү Газадагы аскердик аракеттерди токтотууга чакырдыИИМ санитардык полигонго тосмо коюуда мыйзам бузулганын билдирди