Путин Навальныйды айырбаштоого макул болгонун айтты

Навальныйдын мүрзөсүндөгү добуш берүү кагаздары. 17-март, 2024-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада маалымат жыйынында сүйлөп жатып, оппозиционер Алексей Навальныйдын Ямал түрмөсүндөгү өлүмүн "кайгылуу окуя" деп айтты жана аны Орусияга кайтып келбей турган шарт менен алмаштырууну талкуулаганын ырастады.

Путиндин сөзүнө караганда, Навальныйды батыш өлкөлөрүндө камалып турган орусиялыктарга алмаштыруу демилгесин президенттик администрацияда иштебеген "айрым кесиптештери" айткан.

"Мага бул сунушту айткан киши сөзүнүн аягына чыга электе эле мен "макулмун" дегем. Бирок, тилекке каршы, болор иш болду. Бир эле шарт койгом, эгер алмашсак, ал кайтып келбеши керек, ошол жакта отурсун дегем", - деп айтты Путин.

Буга чейин "Агентство" агенттиги жана англис тилдүү маалымат каражаттары Орусия Алексей Навальныйды, америкалык журналист Эван Гершковичти жана америкалык мурдагы жоокер Пол Уиланды бошотууга даяр экенин жазышкан. Такталбаган маалыматтарга караганда, булардын ордуна Германияда өмүр бою эркинен ажыратылган Вадим Красиков жана АКШда соттолгон орусиялыктардын бири бошотулушу ыктымал эле.

Путин Навальныйдын атын алгачкы жолу көзү тирүүсүндө, 2013-жылы атаган. Ошондон бери эми гана кайталаганы кабарланууда. Ал №1 оппонентинин фамилиясын эстегиси келчү эместиги айтылып келген.

17-март күнү Орусияда президенттик шайлоо аяктап, Владимир Путин 87% добуш менен жеңишке жеткени маалым болду.

Шайлоочулар Навальныйдын мүрзөсүнө анын аты жазылган добуш берүү кагаздарын алып келишти. Навальныйдын жесири Юлия Навальная шайлоо бюллетенине анын фамилиясын кол менен жазып, үкөккө салды. Ал Орусиянын Берлиндеги элчилигинде добуш берди.

Кремлдин негизги сынчысына айланган Навальный үч жыл мурда камалып, быйыл 16-февралда шарты катаал алыскы аймактагы абакта белгисиз жагдайда каза болгон. Тарапташтары ал киши колдуу болгонун айтып жатышат. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Навальныйдын тарапташтары аны "өлтүрүштү" деп эсептешет.

Дагы караңыз

Гүлжан Шерипбаева 24.kg агенттигине байланышы жок экенин айттыКаргашалуу Аксы окуясына 22 жыл болду"Мадумаровду колдогон". Пикир үчүн камалгандардын соту БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү "Чет элдик өкүл" мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирдиЖаратылыш паркындагы Куттуу-Сай-2 жана Калесай кендери казылабы?