Одессага урулган ракеталык соккулардан өлгөндөрдүн саны 20дан ашты

Одесса шаарына жасалган соккулардын кесепети.

Украинанын Одесса шаарына Орусия 15-мартта урган ракеталык соккулардын курмандыктары кеминде 21ге жетти. Бул тууралуу Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер 16-мартта Телеграм-каналында жазды.

Жаңы соккулардан жалпы 70тей киши жараат алган. Алардын 39у ооруканага жаткырылды, сегизинин абалы оор. Набыт кеткендердин бири дарыгер, бири куткаруучу экени кабарланды.

Мунун алдында орусиялык аскерлер "Искандер" баллистикалык ракетасы менен Одессанын бир эле жерине эки жолу сокку урганы маалымдалган. Дарыгерлер менен куткаруучулар биринчи чабуулдун кесепеттерин жоюу үчүн барган маалда курман болушкан.

16-март Одессада аза күтүү күнү деп жарыяланган. 3-мартта да бул шаарда 12 киши, арасында беш бала каза тапканда да аза күтүү күнү болгон.

Украинанын куралдуу күчтөрү Орусиянын чабуулдарынан улам калаада үч кабаттуу имарат талкаланганын, башка жарандык инфратүзүмдөр жабыр тартканын, анын ичинде үйлөр да бузулганын кабарлады.

Орусиянын бийликчил блогерлери соккулар Украинанын полициясынын бөлүмдөрү жайгашкан имараттарга сокку урулганын жазып жатышат. Азырынча муну ырастаган маалыматтар жок. Орусиянын Коргоо министрлиги муну комментарийлей элек. (ErN)

Дагы караңыз

Орунбеков Аспековдун президент жөнүндө айткан сөздөрүн четке кактыЫрчы жана активист Аскат Жетиген кармалды“Чоң жети” өлкөлөрү Иранга кайрылып, Орусияга баллистикалык ракета бербөөнү эскерттиИзраил барымтадагыларды бошотуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирдиТашиев менен Ятимов Тажикстанда кездешип, кыргыз-тажик чек арасын тактоону сүйлөштүСалык, бажы жана башка айрым органдарга ишкерлерди текшерүүгө кайрадан уруксат берилди