Charge fast: Акчасын алдатып, ара жолдо калгандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы каржы пирамидасын уюштурууга шек саналып беш жаран кармалганын билдирди.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси менен (Каржы пирамидаларды уюштуруу) кылмыш иши козголгон.