УКМК кармап, үй камагына чыккан жетекчинин асынып алганы кабарланды

Тергөө абагы. Каракол. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан кармалып, кийин үй камагына чыккан “Тон Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору Мирбек Исмаилов үйүнөн асынып каза болгон. Бул маалыматты “Азаттыкка” Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн тастыкташты.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 15-мартта жерге берилди.

Мирбек Исмаилов эмне үчүн мындай кадамга барганы тууралуу маалыматтар жок.

УКМК 1-мартта тендер боюнча кылмышка шектелип “Тон Манжылы Сервис” ишканасынын башкы директору кармалганын 13-мартта билдирген. Ал Каракол шаарындагы №23 тергөө абагында жаткан.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан атайын айыл чарба техникаларын сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу фактысы аныкталып, ал боюнча кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл облустук сотуна Мирбек Исмаиловдун жактоочусу апелляциялык арыз менен кайрылып, шектүү 12-марттан 28-апрелге чейин үй камагына чыгарылган.

Учурда Исмаиловдун жакындарынан анын өлүмү боюнча кенен маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек. (AsK)

Дагы караңыз

УКМК Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекетке өткөнүн билдирди