Долбоордун максаты - Куттуу-Сай-2 сейрек кездешүүчү элементтер кени менен Калесай бериллий кенин корголуучу аймактан чыгаруу. Бул кендерди иштетүү аракети буга чейин да болуп, аягы соттошууга чейин жеткен эле. Кендердин чоо-жайын айтып беребиз.
Сөз Куттуу-Сай-II сейрек кездешүүчү элементтер кени жана Калесай бериллий кени жөнүндө болууда. 6-мартта жарыяланган өкмөттүн токтомунун долбоору боюнча Куттуу-Сай-II жана Калесай кендери «Чоң-Кемин» улуттук жаратылыш паркынын аймагынан чыгарылат.
Министрлер Кабинетинин “Чоң-Кемин” улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө токтомдун долбоорунда:
"1. Чоң-Кемин" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын жерлеринен чыгарылсын:
– тиркемеге ылайык координаттардын тик бурчтуу системасындагы бурчтук чекиттерине ылайык Кутессай-II сейрек кездешүүчү элементтер кени жана Калесай бериллий кени;
2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
– "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш улуттук паркынын жер каттоо документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин" деп жазылган.
Маалыматта эки кендин жалпы аянты 800 гектарды түзмөкчү.
"Бул долбоорду кабыл алуу эч кандай социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт. Концепция пайдалуу казындылардын негизги түрлөрү боюнча мамлекеттик программаларды кабыл алуу жолу менен ишке ашырылат. Финансылык чыгымдар республикалык бюджетте бекитилген каражаттын чегинде жүргүзүлөт", - деп жазылган токтом долбоорунун негиздемесинде.
Дагы караңыз “Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү сунушталды“Чоң-Кемин” улуттук жаратылыш паркы жети бөлүктөн турат жана жалпы аянты 123,6 миң гектар аянтты ээлейт. Азыр өкмөт иштетүүгө кызыгып жаткан Куттуу-Сай жана Калесай кендери парктын түндүк жак чегинде, Ак-Түз айылынын жанында жайгашкан.
Долбоор коомдук талкууга расмий жарыяланганына карабай, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ичинде да өкмөттүн токтому боюнча бирдиктүү пикир жок.
Министрликтин Өзгөчө корголуучу аймактар департаментинин директорунун орун басары Талант Турдуматов кен казуу иштеринин “Чоң-Кемин” улуттук жаратылыш паркынын аймагына терең киришине каршы болушканын айтты:
“Ошол долбоорду жазып жаткандар каза турган жерге “Чоң-Кемин” паркынын өйдө жагындагы аябай чоң аймагы кирип калат экен деп айтып атышкан. Ал жак өзгөчө корголуучу аймак болгондон кийин, “биз каршыбыз, ал жер болбойт” дегенбиз. Мурдагы иштеп жаткан жерди эле бир аз кеңейтүү боюнча координаттарын такташ керек болчу. Кен болуучу жерлер өзгөчө корголуучу аймак болгондон кийин “Кызыл китепке” кирген жапайы жаныбарларга, өсүмдүктөргө таасир кылбаган жерлер болсо дегенбиз. Анын үстүнө металлдарды казып алабыз деп бизге керектүү жерлерди айтып атышпайбы. Бул жерде берилүүчү аймак өтө көп болбошу керек. Тоонун капталдары болсо, кырына чейинки жерлерди эле каратып жатканбыз”.
Мекеменин бир нече адиси кен казууга керектелген кошумча аянттарды жаратылыш паркынын аймагынан чыгарып, иштетүүгө Геология департаменти гана кызыкдар болуп жатканын билдиришти.
Аймактагы кендердин таржымалы
Куттуу-Сай жана Калесай кендеринин жанында Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинаты жайгашкан. Союз маалында ал Ак-Түз кенинде өндүрүлгөн коргошун, цинк, калай, лантаноид өңдүү сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетип турган. Кийинчерээк Ак-Түздүн рудалары түгөнгөн соң, 1969-жылы Кемин тоо-кен металлургиялык заводу болуп кайра түзүлүп, Куттуу-Сай кенинде казылган сейрек кездешүүчү металлдарды иштете баштаган. Ал жерде өндүрүлгөн элементтер атомдук техникада, авиа жана ракета өндүрүшүндө, радиоэлектроника менен электротехникада, айнек жана керамика өндүрүшүндө, айыл чарбасында жана фармацевтикада колдонулган. 1973-жылдан тарта жарым өткөргүчтөрдү да чыгарып турган. Кемин тоо-кен металлургиялык заводу 1995-жылы “Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу” болуп кайра түзүлгөн.
Ак-Түз айылынын тургуну Асылбек жогорку окуу жайда Ак-Түз жана Куттуу-Сай кендеринин тарыхын изилдеп дипломдук иш жазган. Ал кен казуу токтогондон кийин жаратылыш тазарып калганын айтат:
“Союз маалында Ак-Түз, Куттуу-Сай кендери күрүлдөп иштеп турганда айыл Москвадан камсыздалып, 7000ге жакын адам жашап турган. Жок нерсенин баары бар болчу. Мисалы, айлыгың 100 сом болсо, үстүнө автоматтык түрдө 60 сом кошулчу. Орустарга чоң рахмат, албетте, бизди окутту-чокутту, бир нерселерди үйрөттү. Бирок жакшыраак жерлерге жалаң орустар иштеп, кыргыздарга жол берилген эмес. Азыр айылда 350-400 тегерегинде гана адам калган. Ишкана токтоп калганда, биринчилерден болуп орустар кетип калышты. Андан кийин биздин кыргыздар дагы кете башташты. Мага окшогондор “койчу, эч жакка барбайм” деп калып калдык. Азыр мен бекер кылыптырмын деп өкүнбөйм. Анткени кен байытуу фабрикасы, Куттуу-Сай кени иштебей, мурдагыдай зыяндуу чаңдар учпай, аба таптаза болуп калган”.
Куттуу-Сай кенин 1992-жылга чейин Кыргыз тоо-кен металлургиялык комбинаты иштетип келген. 1995-жылы PESAK программасынын алкагында консервацияланган.
Кенге андан кийин кыргыз-казак-кытай биргелешкен фирмасы, 2009-жылдан 2012-жылга чейин канадалык Stans Energy компаниясы ээлик кылып турган. Кыргыз бийлиги анын лицензиясын жокко чыгарып койгондон кийин эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, 2019-жылы Лондондогу сотто 15 млн доллар утуп алган.
Куттуу-Сай менен Калесай кендери 2016-2017-жылдары эки жолу сатыкка чыгарылган. Биринчисинде казакстандык “Кемал Ойл” компаниясы жеңип чыгып, бирок 10 млн долларды өз мезгилинде төлөбөгөндүктөн, сынактын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
2022-жылы кендин лицензиясы жаңы түзүлгөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине берилген. Бирок холдинг кийинчерээк кайра жоюлуп кетти.
Дагы караңыз Ак-Түздөгү кырсык боюнча комиссия түзүлдүУу калдыктар жаратылышка сайылган октой
Мурда Куттуу-Сай кенинде сейрек кездешүүчү металлдар, алар менен кошо радиоактивдүү заттардан болгон торий да казылып турган. Ал жердеги химиялык-металлургиялык комбинатта СССРдин башка өлкөлөрүнөн да келген сейрек кездешүүчү элементтер комплекстүү иштетилип турган. Маалыматтарга ылайык, өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 500 млн тоннаны түзгөн жана СССРдин керектөөсүнүн 80% камсыздаган. Жыйынтыгында Ак-Түз айылына жана Орловка шаарчасына жакын аймактарда 5 радиоактивдүү калдыктарды сактоочу жай пайда болгон.
Ак-Түз айыл аймагынын мурунку башчысы Анвар Турдубеков Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрү келип, жергиликтүү тургундар менен коомдук угууларды өткөрүп кетишкенин билдирди. Анын айтымында, коомдук угууларда калдык сактоочу жайларды иштетүүдөгү экологиялык коопсуздук маселеси көтөрүлгөн:
“Өткөндө Кыргызгеологиядан коомдук угууга келгенде “бургулайбыз, анализ алабыз, ичинде эмне бар, эмне жок, ошону тактап, иштетүүгө алабыз” деп айтышты. Иштетүү өтө эле кооптуу, экинчиден, ылдый жактагы айылдарда макулдук береби-бербейби, мен деле ошол жерде Экотехинспекциянын чоңу келген экен, ага суроо бердим. “Экологиялык жагынан кандай болот, радиациялык фон бар, шамал болот, аба менен өйдө көтөрүлөт, аны менен биз, балдарыбыз дем алабыз, калган калдыктары сууга түшөт, суудан биз ичебиз” десем, “аны аябай азыркы заманбап технологиялар менен казат, тигиндей-мындай дегендей болду”.
2023-жылы сентябрда өкмөт Куттуу-Сай-II кениндеги руданын запасы 51,5 миң тонна экенин, кошумча чалгындоодон кийин 75 миң тоннага чейин жеткенин билдирген. Пайдалуу кендердин реестриндеги маалыматка ылайык, Куттуу-Сай кениндеги руда цирконий, торий, молибден, висмут, коргошун, бериллий, күмүш, гафний, цинк сыяктуу элементтерди камтыйт.
Эксперттердин пикири боюнча, Куттуу-Сай кенин казууда уран менен торийди да кошо казууга туура келет.
Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер кыртышын өздөштүрүү институтунун алдындагы “Геоприбор” илимий-инженердик борборунун директору Исакбек Торгоев Куттуу-Сай кенин иштетерден мурда, Ак-Түздөгү калдык сактоочу жайларды реконструкциялоо зарыл экенин белгилейт:
“Ак-Түздө калдык сактоочу жай бар, анын ичинде торий да бар. Андан тышкары, коргошун, цинк жана башкалар. Азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ошону консервациялоо боюнча инвесторлорду издеп жатат. Аны да эми рекультивация кылыш керек. Бирок ал жерде дагы бир Куттуу-Сай деген кен бар. Ошол кенде сейрек кездешүүчү элементтер бар. Эгерде ошону иштетишсе, анда ошол калдык сактоочу жайларды реконструкциялаш керек. Кооптуулук бар. Анткени ал Кичи-Кемин суусу менен Чүй дарыясына кетет. Анын үстүнө 1964-жылы Ак-Түздө №4 калдык сактоочу жайда чоң авария болуп, абдан радиоактивдүү заттар 3600 гектар жер ууланып калган. Азыр мен айтып жатам, баардык жактарын – оң-терс, экономикалык, экологиялык таасирлерин салмактап, анан кийин гана чечим чыгарыш керек”.
Ал аймакта торий кени да бар
Пайдалуу кендердин реестринде Калесай кенинин бир ныптасында, Кичи-Кемин өзөнүнүн боюнда Куперлисай деп аталган торий рудасы да жайгашканы жазылган. Өкмөттүн документинде Куперлисай кени тууралуу маалымат айтылган эмес. 1940-жылдардагы документтерди карасак, Куперлисай тилкесинде уран менен торий бар экендиги белгиленген. Ал жерде 1947-49-жылдары геологиялык изилдөөлөр жүрүп, торийдин көлөмү 700 тоннага жакын экени болжолдонгон.
“Куперлисай - “Ак-Түз” кенинен 2,5 чакырым аралыкта жайгашкан уран-торий кени. Алгачкы жолу бул жерде Илимдер Академиясынын Орто Азия экспедициясынын партиясы тарабынан уран-торий минералдары табылган. Кравченко торбернит менен цойнерит тапкан. Бул торий-уран кенин ачууга түрткү болуп, Түстүү жана асыл металлдарды илимий-изилдөө геологиялык чалгындоо институтунун (ЦНИГРИ) радио-химиялык лабораториясында анын радиоактивдүүлүгү аныкталган. Алгачкы сыноолор ондуктан жүздүк пайыздык үлүшкө чейин берген. Айрым кесектер (штуф) торийдин курамын 25% деп көрсөткөн. Ошол эле мезгилде кээ бир сыноолордо урандын катышы 0,3-0,35% экени аныкталган. Материалдардын негизинде 1938-жылы кендүү аянт 0,3 чакырым2 деп белгиленген”, - деп жазылган Уран көйгөйү боюнча комиссиянын 1940-жылдагы документинде (Уран көйгөйү боюнча комиссиянын "Чийки зат базасы жөнүндө" отурумунун стенограммасы №70, 168-бет, 1940-жыл, 1-октябрь).
Эколог Калия Молдогазиева жаратылыш коругунун аймагында кен казуу иши ошол аймактын экологиясына зыян алып келерин айтып жатат:
“Бул улуттук жаратылыш паркы да. Чоң-Кемин деген коргоого алынган корук. Ошондой корукта кен казууга уруксат берилбейт. Алар ошол корук аймактан чыгарып, анан ошого лицензия берип жаткандай. Негизи, бул туура эмес, менимче. Анткени “Чон-Кемин” коругун четинен кескилеп, кен казууга берип койсо, менимче, экологиялык туруктуу өнүгүүгө кедерги болот”.
Февралдын аягында президент Садыр Жапаров Кызыл-Омпол кенин казууга киришерин жарыялаган. Ал жер мурда радиоактивдүү уран жана торий кени деп аталып келгенине карабай, өкмөт азыр аны титано-магнетит кени деп атоо керектигин баса белгилеп жатат. Кызыл-Омполду казуу үчүн өкмөт 2019-жылы уран кендерин изилдөө жана казууга тыюу салынган мыйзамды жокко чыгарууну жана кен жайгашкан тилкелерди “Ысык-Көл биосфералык аймагынан” чыгарууну демилгелөөдө. Ал боюнча тиешелүү мыйзам долбоору февралдын соңунда коомдук талкууга коюлган.
Дагы караңыз Экология министрлиги уранды казууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун талкууга чыгарды