Орусияда тик учак кырсыкка кабылып, кеминде бир адам каза болду

Mi-8 тик учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда бүгүн 14-мартта тик учак аварияга учурап, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылганын Алыскы чыгыш аймагы боюнча транспорт прокуратурасы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ичинде экипаждын үч мүчөсүн кошкодо 20 киши бараткан тик учак Магадан облусунда эртең менен кырсыкка кабылды, куткаруу-издөө иштери уланууда.

Тик учак калктуу пункттардан алыс аймакка түшкөнүн, ал жерге куткаруучу тик учак менен конуу оңой болбой турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн өкүлү Павел Клочков билдирди.

Росавиация жараат алгандардын абалы оор экенин маалымдады.

Кырсыкка тик учактын кыймылдаткычы иштебей калганы себеп болушу ыктымал экени, териштирүү башталганы, коопсуздук эрежелери бузулганы боюнча иш козголгону кабарланды.

Ми-8 тик учагы "Кварцевый конуу аянтчасы – Омсукчан аэропорту" маршруту боюнча учуп, алтын кенинде иштеген жумушчуларды ташып баратканы белгилүү болду. (RK)

Дагы караңыз

Парламентте "Чет элдик өкүл" мыйзамы үчүнчү окуудан талкуусуз өттүЧехиянын тышкы иштер министри журналист Алсу Курмашеваны бошотууга чакырды"Чет элдик өкүл": АКШ, Батыштын элчиликтери тынчсыздануу билдирди "Абдыш-Ата" футбол клубу АФК Кубогунун жарым финалына чыкты