Мурдагы айыл чарба министри Чодуев кармалды

Шектүүнүн УКМК тараткан сүрөтү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигиндеги коррупциялык иштерге байланыштуу мурдагы министр Эркинбек Чодуев кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында, мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев "Лиматекс пахта корпорациясы" ишканасынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирип, жеке адамдарга сатып жибергени аныкталган. Келтирилген зыяндын өлчөмү 500 млн сом деп бааланып жатат.

Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына камалды.

Чодуевдин жакындары же жактоочусунан пикир алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Эркинбек Чодуев 2019-жылдан 2020-жылга чейин Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигин (азыркы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигин) жетектеген. (TSh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров абактагы Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди