Аннексияланган Крымда жергиликтүү активист Эдем Дудаковдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, өзү кармалды. Бул тууралуу бүгүн 13-мартта Крым татарларынын мажлисинин төрагасы Рефат Чубаров билдирди.
Анын айтымында, күч кызматкерлери активисттин үйүнө таңга жуук кирип барып, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жергиликтүү бөлүмүнө алып кетишти, ал кант диабети менен ооругандыктан дарыгердин көзөмөлүнө муктаж адам.
5-мартта “Крым тилектештиги” коомдук уюмунун айрым өкүлдөрү, дин кызматкерлери, жалпысынан он кишинин үйүндө да тинтүү жүргөн.
Симферополь шаарынын Орусия көзөмөлдөгөн Киев райондук соту алардын баарын “террордук уюмга мүчөлүк” деген айыптын негизинде 4-майга чейин тергөө абагына камакка алган.
Украинанын Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Буга ачык каршылыгын билдирип чыккан жергиликтүү этникалык топ – крым татарларына басым күчөгөн.
Эл аралык уюмдар Крымдын аннексиясын мыйзамсыз деп атап, Орусияны айыпташкан, Батыш өлкөлөрү экономикалык санкцияларын жарыялашкан. Кремль жарым аралды аннексия кылбаганын, “тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтиргенин” айтып келет. (RK)
Дагы караңыз
"Уктаган бойдон кете берген". Анталиядагы кыргыз келиндин өлүмүТрамп жана Байден партиялык съезддердин көбүнүн колдоосуна ээ болуштуКемпир-Абад иши: Адвокатсыз окулган айып, чет өлкөгө чыга албаган АсановЖапаров динге туура келбеген көрүнүштөргө тынчсыздануу билдирди