Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Жапаров динге туура келбеген көрүнүштөргө тынчсыздануу билдирди


Президент Садыр Жапаров жана мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров.
Президент Садыр Жапаров жана мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров.

Президент Садыр Жапаров 13-мартта Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаровду кабыл алды. Анда дин боюнча актуалдуу маселелер талкууланганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Талкууда президент Кыргызстан светтик жана көп конфессиялуу өлкө, калктын 90% жакыны мусулмандар экенин белгилеп, исламдын толеранттуулукка чакырган баалуулуктарын жайылтууда муфтияттын ролу чоң экенин айтты.

“Мамлекет башчысы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирип, салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырды”, - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров ашыкча ысырапкорчулуктан арылуу жөнүндө иш-чараларды улантууга чакырды.

2021-жылдын октябрь айында 2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган. Анда негизги маселелердин бири катары мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө, ар бир жарандын диний ишенимин камсыздоо каралган.

2003-жылдан бери Кыргызстанда баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары тыюу салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG