11 журналисттин иши: Сот үч кишини камакта калтырды

Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 12-марттагы чечими менен “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов жана “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков жана 21 жаштагы кабарчы Айке Бейшекеева дагы эки айга камакта калды.

Бул тууралуу ушул тапта сотто жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Биринчи Май райондук сотунда калган журналисттердин да бөгөт чарасы каралып жатат.

Сот 12-мартта “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбековду ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарды.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Кийин шаардык сот ал токтомдорду күчүндө калтырган.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажибек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасында) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (ZKo/ErN)

Дагы караңыз

ЖАМК абакка телефонду тортко катып киргизүү аракети болгонун билдирди "Азыркы гезиттерде тарыхтын аскерлери иштеп жатат"Фейктер боюнча иликтөөлөрдө аты аталган УТРКнын журналисти иштен кеттиЕврокомиссия Босния жана Герцеговинаны биримдикке кабыл алууну сунуш кылатАсел Ногойбаеванын иши: Прокуратура айыпкердин жазасы боюнча сотко кайрылды