Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

ЖАМК абакка телефонду тортко катып киргизүү аракети болгонун билдирди


Тортко катылган телефон. Бишкек. Март, 2024-жыл. Жаза аткаруу кызматынын сүрөтү.
Тортко катылган телефон. Бишкек. Март, 2024-жыл. Жаза аткаруу кызматынын сүрөтү.

Жаза аткаруу кызматынын №2 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан адамга алып келинген торттун ичинен телефон табылды.

Аталган мекеме билдиргендей, буга байланыштуу телефонду жашырып киргизүүгө аракет кылган жаранга 17,5 миң сом айып пул салынды.

Жаза аткаруу кызматы абактарда кармалып отургандарга сырттан берилчү азык-түлүк жана башка керектүү буюмдар тыкыр текшерилерин, тыюу салынган буюмдарды берүүгө аракеттенгендер мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирди.

Кыргызстандын жабык жайларында отургандардан уюлдук телефон, кесүүчү, саюучу буюмдар табылган учурлар тууралуу буга чейин расмий маалыматтар тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG