Ватикан Рим папасы Францисктин Украина боюнча айтканына түшүндүрмө берип, согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр биринчи кезекте Орусиянын агрессиясынын токтотулушуна негизделиши керек экенин билдирди. Бүгүн 12-мартта Corriere della Sera гезитине курган маегинде папанын өкүлү Пьетро Паролин "понтифик адилет жана туруктуу тынчтыкка жетишүүнүн дипломатиялык жолдору үчүн шарт түзүү» тууралуу айтканын белгиледи.
«Мындай шарттын түзүлүшү бир гана тараптан эмес, эки тараптан тең көз каранды экени анык. Биринчи кезекте агрессия токтошу зарыл деп эсептейм", - деген Паролин папанын айткандарын жалпы контекст аркылуу кабыл алуу туура болорун кошумчалады.
Рим папасы Францисктин RSI телеканалына курган маегинин үзүндүсү 9-мартта жарыяланган. Анда ал «жеңилип жаткан» тарапка «сүйлөшүү жүргүзүү үчүн эрдик керек» деп айткан жана жообунда журналисттин суроосунда айтылган «ак желек» деген сөздү колдонгон.
Бул сөз расмий Киевдин жана Европадагы бир катар өлкөлөрдүн кескин сынын жараткан. Понтификтин басма сөз кызматы ал Украинага тынчтык каалай турганын, маселе дипломатиялык жол менен чечилиши керек деп эсептерин жана «ак желек» дегенди ошол сөздү колдонуп суроо берген журналистке жооп берүүдө гана колдонгонун билдирген.
Согуш шартында ак желек каршылашына баш ийип берүү, сүйлөшүүгө даярдыгын билдирүү деп эсептелет. (RK)
Дагы караңыз
Фейктер боюнча иликтөөлөрдө аты аталган УТРКнын журналисти иштен кетти"Азыркы гезиттерде тарыхтын аскерлери иштеп жатат"Мамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте туратУкраинада Орусиянын чабуулдарынан бир нече өмүр кыйылды