Мурдагы аялы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөнү үчүн 20 жылга соттолгон Азамат Эстебесовдун иши боюнча Сокулук райондук прокуратурасы Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз берди. Бул тууралуу Жогорку Соттон тастыкташты. Арыз 1-апрелде каралат.
Прокуратурадан апелляциялык арыздын мазмунун тактоого мүмкүнчүлүк боло элек.
26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кесип, жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Эстебесов Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" - бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн) 194-берененин 2-бөлүгү, ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" - күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берене, 2 жана 3-бөлүгү, ("Ден соолукка оор залал келтирүү" ) 137-берене ("Кыйноолор") 154-берененин 2-бөлүгү, ("Зордуктоо"), 122-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен күнөлүү деп табылган.
Change.org сайтында Азамат Эстебесовду өмүр бою абакка кесүүнү талап кылган кол топтоо жүргөн.
20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаеванын тагдыры коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.
Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.
23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт.
Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды тезинен көрүүгө тийиш. (TSh)
Дагы караңыз
Министр Баатырова БУУда Кыргызстандагы аялдар укуктары жөнүндө баяндама жасайт