Орусиянын онго жакын аймагы учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын бүгүн 12-мартта өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Мекеме бул үчүн Украинаны айыптап, Белгород облусуна ракеталык сокку урулганын кабарлады.
25 учкучсуз учак «кармалып, жок кылынганы», дрондордун 11и Курск облусунун, жетөө Белгород жана калгандары Брянск, Ленинград, Москва, Орел, Тула облустарынын аймагынан кармалганы айтылды. Украина бул боюнча комментарий берген жок.
Орел облусунда дрон мунай сактоочу кампага тийип, өрт чыкканы, жанындагы үйлөрдүн тургундары эвакуацяи болгону, Нижний Новгороддо да мунай базасы өрттөнгөнү маалымдалды.
Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында баштаган. (RK)
Дагы караңыз
Жогорку Соттун төрагасы Кемпир-Абад иши боюнча сынга жооп бердиУкраинада Орусиянын чабуулдарынан бир нече өмүр кыйылдыУКМК орусиялык ишкерге "Көлбаевдин тобун каржылаган" деп издөө жарыяладыМамлекеттик ипотекалык компанияда 100 миңге жакын адам кезекте турат