АКШнын Дүйшөмбүдөгү элчиси журналисттердин укуктарын сактоого чакырды

АКШнын Тажикстандагы элчиси Мануэл Микаллер. 12-апрель, 2023-жыл. Дүйшөмбү.

АКШнын Тажикстандагы элчиси Мануэл Микаллер расмий Дүйшөмбүнү “журналисттердин укуктарын колдоп, алардын эркин ой билдирүү укугун сыйлоого” чакырды. Ал мындай кайрылуусун Тажикстанда 11-мартта белгиленчү Басма сөз күнүнө карата жасады.

“АКШ Тажикстандагы журналисттердин кесиптик өнүгүүсүн колдоп келет. Муну биз алмашуу программалары, англис тил курсу, техникалык колдоо аркылуу ишке ашырабыз. Биз ошондой эле Тажикстандын бийлигин журналисттердин укуктарын колдоого жана алардын эркин ой билдирүү укугун сыйлоого чакырабыз”, - деп жазылат элчилик Фейсбук аркылуу тараткан билдирүүдө.

Укук коргоочулар белгилегендей, соңку жылдары журналисттик кесип Тажикстанда кооптуу кесипке айланды. 2022-жылдан бери сегиз журналист жана блогер бийликти сындаганы үчүн 7ден 21 жылга чейин эркинен ажыратылды. Бир топ көз карандысыз маалымат каражаттары өз ишин токтотууга аргасыз болду. Ал эми айрым журналисттер кесиптик ишин жүргүзүү укугунан айрылды. 2023-жылы Эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” уюму Тажикстандагы сөз эркиндиги багытындагы кырдаалды “абдан оор” деп мүнөздөгөн.

Freedom House уюму марттын башында жарыялаган баяндамасында Тажикстанды дүйнөдөгү эң эле репрессиялык мамлекеттердин бири деп атады.

Дагы караңыз

Фейсбуктагы билдирүүсү үчүн айыпталган Кайназаров үч жылга кесилдиОрбан: Трамп шайланса, Украинага акча бөлүнбөйт Иликтөөчү журналисттер Бишкекте камалган кабарчыларды бошотууга чакырган өнөктүк башташты