Токтогул суу сактагычында 7,4 млрд метр куб суу бар

Токтогул суу сактагычы, 4-июнь, 2020-жыл

Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычынын абалы жана эки ири ГЭСтеги оңдоо ишинин жүрүшү менен тааныштыруу үчүн 11-мартта журналисттерди алып барды. Журналисттер Токтогул ГЭС каскадынын - Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтеринин абалы, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен таанышат.

11-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 451 млн метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы маалымдады. Ага ылайык учурда суу сактагычка секундасына 149 мет куб суу агып кирсе, суу сактагычтан 543 метр куб суу агып чыгууда.

Эгерде Токтогулдагы суу 6,5 млрд метр кубдан төмөн түшсө, анда ГЭСте авариялык абал жаралат.

Энергетика министрлиги суу сактагычтагы суунун азаюусуна жана Токтогул, Үч-Коргон ГЭСтеринде бирден агрегат ремонттолуп жатканына байланыштуу өлкөдө электр энергиясын берүү чектелерин билдирген. Марттын башында бардык аймактарда бир нече сааттан жарык өчүрүлө баштаган.

Министрлик 8-марттан баштап жарык өчүрүү токтотулганын, буга күн жылып, электр энергиясын керектөө кыйла азайганы жана тескөө иштери жыйынтыкталганы себеп болгонун маалымдаган..

Расмий эсепте ушул күндөрү электр энергиясын керектөөнүн орточо суткалык көрсөткүчү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзүүдө. Күн суук кезде ал 70 млн кВт. саатка чейин жеткен.
(ZKo)

Дагы караңыз

Аймактык реформа: Элдин пикири эске алынып жатабы?Бишкекте хоккейден эл аралык мелдеш өтүүдөБаткен: арасат жолдо калган бак долбоору Жапония "Социалдык келишимдин" катышуучуларын окутууну каржылайт Мамлекеттик бюджеттен социалдык төлөмдөр үчүн 62,7 млрд сом каралган