Базар-Коргон районундагы Жаңы-Акман айылынын тургуну - 1988-жылы туулган Наргиза Абдалиева 28-февраль күнү 11 жана 7 жаштагы эки кызы, 2 жаштагы уулу менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурады.
Келиндин өзгөчө белгилери: бою 160-165 см, ак-саргыл өңдүү, чачы кара, арык чырай.
Кийгени: ак-саргыл куртка, кара шым, кара бут кийим болгон.
Көргөн-билгендер 102, (03736) 5-02-61, 0224 00 00 15 номурларына кайрылса болот. (TB)
Дагы караңыз
Токтогул суу сактагычында 7,4 млрд метр куб суу барАймактык реформа: Элдин пикири эске алынып жатабы?Бишкекте хоккейден эл аралык мелдеш өтүүдө