Швеция, Канада палестин качкындарына жардам берген агенттиктерди каржылайт

Швеция жана Канада палестин качкындарына жардам берген БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттигин (БАПОР) каржылоону кайра жандантарын Би-Би-Си жазды.

Израил БАПОРдун 12 кызматкерин АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун кол салуусуна катышы бар деп айыптаган соң, Швеция, Канада менен катар 16 мамлекет агенттикти каржылоону токтоткон.

БУУ бул айыптоолорду иликтеп жатат, ал эми Франциянын тышкы иштер министри текшерүүнү жетектөөдө.

Ишембиде Швеция БАПОРго 19 миллион доллар жиберерин билдирген. Агенттик өз кезегинде чыгымдары жана кызматкерлер боюнча кошумча текшерүү жүргүзө турган болгон. Швециянын өкмөтү 2024-жыл ичинде БАПОРго 38 миллион доллар бөлгөн.

БАПОР – Газа секторунда иштеп жаткан БУУнун эң ири агенттиги болуп саналат. Ал саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагына жана башка гуманитардык жардамдарды берет. Уюмда 13 миң киши иштейт.

Израилдин аскердик операциясын былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан кол салып, 1200 кишини, анын ичинен аялдарды, улгайган адамдарды жана балдарды өлтүрүп, 250дөй адамды Газага барымтага алып кеткенде баштаган.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси ошондон бери сектордо 30 миңден ашуун палестиналык жай тургун, анын ичинен аялдар жана балдар да набыт кеткенин билдирген.

Дагы караңыз

Түркияда 33 киши теракт даярдоого шек саналып кармалды Милиция Аксыда кырдаал туруктуу экенин билдирдиГаза: АКШ убактылуу порттун курулушуна жабдуу жөнөттү