Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Милиция Аксыда кырдаал туруктуу экенин билдирди


Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы Аксы районунда кырдаал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө экенин билдирди.

"9-март күнү жергиликтүү тургундар Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, бир катар кайрылуу жолдошуп, тарап кетишкен",- деп айтылат милициянын "Азаттыкка" берген маалыматында.

Ишемби күнү абактагы саясатчы Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына Аксыдагы акциянын видеолору жарыяланган. Ага катышкандар Кемпир-Абад иши менен камалган саясатчыларды, активисттерди бошотууну талап кылышкан.

Ушундай эле талап менен Нарын, Таласта да митинг уюштурулганы кабарланган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Алардын 11и тергөө абагында, калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Камалгандар аны куру доомат деп аташат. Сот уланып жатат. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG