Түркиядагы турнирде кыргызстандык дагы эки балбан алтын утту

Улукбек Жолдошбеков жана Бекзат Алмаз уулу. Коллаж.

Түркияда өтүп жаткан күрөш боюнча Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 эл аралык турниринде кыргызстандык дагы эки балбан алтын утту.

Маалымат каражаттары Түркиянын күрөш федерациясына таянып жазгандай, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу 57 кг, Улукбек Жолдошбеков 65 кг салмакта жеңүүчү болду.

Финалда Алмаз уулу орусиялык Начын Монгушту, Жолдошбеков азербайжандык Муса Агаевди утту.

Аталган эл аралык мелдеш Анталья шаарында өтүп жатат. Бир күн мурун кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова жана Айпери Медет кызы алтын медалга ээ болушкан.

Андан сырткары Калмира Билимбек кызы, Үзүр Жусупбеков, Автандил Таалайбек уулу, Орозбек Токтомамбетов, Бекболот Мырзаназар уулу жана Алмаз Сманбеков коло медал тагынышты.

7-мартта башталган Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 эл аралык мелдеши 10-мартка чейин уланат. Ага 25 өлкөдөн 600дөн ашуун спортчу барган. (SE)

Дагы караңыз

Казакстан Орусияда террорчу деп өлтүрүлгөн жарандардын ишин териштирүүдөКыргыз бийлиги лидер аялдарды көбөйткүсү келетАйдыңдык системаны жактаган Ататүрк “халиф” институтуна азгырылган эмес