- Жакында Кыргызстандын парламенти айрым бейөкмөт уюмдарды “чет элдик өкүл” катары каттоого жол ача турган мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Буга чейин Европадагы коопсуздук жана кызматташык уюму (ЕККУ) бул документти “олуттуу тынчсыздануу жараткан мыйзам долбоору” деп мүнөздөп, кыргыз бийлигин аны кабыл албоого чакырган. Сиздин көз карашыңызда бул мыйзам долбоорунун кайсы жоболору кооптууну жаратат?
-Негизинен бул мыйзам долбоору бийликке коммерциялык эмес уюмдарды жөн гана каттап койбостон, сырттан каржыланган каалаган бейөкмөт уюмду “чет элдик өкүл ” катары каттоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары бул документ кайсы бир уюмду өзүнчө бөлүп белгилөөгө, аларга отчеттуулук боюнча милдеттерди жүктөп, аларды катуу көзөмөлгө алууга жол ачат.
ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстан менен узак убакыттан бери жемиштүү кызматташып, бийлик жана жарандык коом уюмдары менен биргеликте демократия жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатында көптөгөн долбоорлорду ишке ашырып келет. Ошондуктан биз бул мыйзам кабыл алынгыча аны оңдоп-түзөп, жакшыртууга салым кошсок деген үмүттө тынчсыздануубузду билдирип жатабыз.
Мыйзам долбоору азыркы формасында адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт. Мындан улам ал бейөкмөт уюмдарга жана эркин журналисттерге терс таасирин тийгизип, коомдун өнүгүшү үчүн жасап жаткан иштерине жолтоо болот. Бул ошол эле кезде Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгына да зыянын тийгизет.
Адамдардын уюмдашуу эркиндигине болгон укугу коомдун өнүгүп-өсүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Мамлекеттер мыйзам чегинде коммерциялык эмес уюмдардын жана башка ассоциацияларын ишин жөнгө сала алат, бирок алар керексиз жана ыксыз чектөөлөрдөн оолак болууга бардык аракетин жасашы керек. Ошондой эле көптөгөн өлкөлөр каттосу жок жарандык уюмдардын коом үчүн кошкон салымын эске алуу менен алардын эркин иштешине уруксат беришет.
- Талдоочулар бул мыйзам долбоору Орусиянын “чет элдик агенттер” жөнүндөгү репрессивдүү мыйзамына окшош экенин айтып жатышат. Орусияныкындай мыйзамды кабыл алуу кандай кесепеттерге жол ачышы мүмкүн?
-Көпчүлүк изилдөөлөр көрсөткөндөй, “чет элдик агенттер” аттуу мыйзамдар жарандык коом уюмдарынын ишине гана эмес, жалпы өлкөдөгү адам укуктарынын абалына да терс таасирин тийгизет. Демократия жакшы иштеген өлкөлөрдө динамикалуу жана мыкты өнүккөн жарандык коом бар. Ал жерде жарандар бардык демилгелерге катышып, катуу эрежелерсиз эле өзү жашаган коомдун өнүгүшү үчүн пайдалуу иштерди жасай алат.
Адам укуктары боюнча Европа соту дагы “чет элдик агент” тууралуу мыйзам адамдардын уюмдарды түзүү жана аларга мүчө болуу укугуна шайкеш келбейт, демократиялык коомго зарыл эмес жана бийликтин кыянаттыгына каршы жетиштүү кепилдик бере албайт деген тыянакка келген.
Дагы караңыз "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору: Жапаров Блинкенге жооп берди- Сиздер сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандын бийлигин бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып келе жатат. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу бул маселеге байланыштуу кыргыз бийлигине түз кайрылганбы? Эгер кайрылса, кандай жооп ала алдыңыздар эле? Кыргыз бийлиги мыйзам долбоорун кайра карап чыгууга канчалык даяр?
-Бул мыйзам долбоорунун тарыхы узун. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу кыргыз бийлиги менен бул боюнча тигил же бул форматта он жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат. 2013-жылы биздин уюм менен Европа кеңешинин Венеция комиссиясы дээрлик ушуга окшош мыйзам долбооруна юридикалык корутундусун даярдаган. Биз позициябызды 2016-жылдын февраль айында Жогорку Кеңеште айтууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн жана анда ал мыйзам четке кагылган эле. Ал учурда бул окуя кыргыз парламентинин адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарды сактоо аракети катары кабылданган.
Жакында Кыргызстандын Акыйкатчысы Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюрого кайрылып, азыркы талкууланып жаткан мыйзам долбооруна чукул юридикалык анализ жасап берүүнү өтүнгөн. Биз корутундубузду 2023-жылдан октябрь айында коомдук угууда жарыялаганбыз. Биз парламент уюштурган бул маанилүү талкууга катышкандар өз пикирилерин ачык билдирип, бийлик өкүлдөрү менен диалогго барганын кубаттаганбыз.
Бирок мындай диалогго карабастан көптөгөн көз карандысыз улуттук жана эл аралык байкоочулардын көз карашы боюнча мыйзам долбоорунда талаштуу жоболор кала берүүдө. Биздин бюро кыргыз бийлигин конкреттүү маселелерди аныктап алуу үчүн ачык-айкын диалогдорду улантып, адам укуктары жаатындагы Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине ылайык адамдардын уюмдашуу укугун жөнгө салуунун жакшыраак жолдорун талкуулай берүүгө чакырат.
- АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин тынчсыздануусуна жооп берген катында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров талкууланып жаткан мыйзам долбоорун АКШда 1938-жылы кабыл алынган чет элдик агенттерди каттоо жөнүндөгү мыйзамга (FARA) жакын экенин билдирди. Ал Кыргызстанда “өкмөттүк эмес түзүмдөр көп учурда элдин арасына жалган, туура эмес маалыматтарды таратып” жатканын айткан. Кыргыз бийлигинин мындай позициясына кандай жооп бересиз?
-Биз эки мамлекеттин бийлик жетекчилеринин ортосундагы эки тараптуу кат алышууларга комментарий бере албайбыз. Бирок белгилей кетчү жагдай, Кыргызстандагы талкууланып жаткан мыйзам долбоору менен АКШнын жана башка айрым мамлекеттердин мыйзамдарында приципиалдуу айырма бар.
Ал мыйзамдар чет элден каржыланган жарандык коом уюмдарын бутага албайт. Ал чет элдик державалардын атынан пропаганда жана лобби менен алектенген жеке компаниялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ачык катталышына багытталган. Ал мыйзам жарандык коомдун көз карандысыз уюмдарына жана массалык маалымат каражаттарына тиешеси жок жана алардын ишин чектеп же тыюу салбайт.
- Аталган мыйзам долбоору сунушталгандан тарта айрым өзгөрүүлөргө туш болду. Кылмыш жоопкерчилигин караган жоболор алынды деп кабарланды. Азырынча анын акыркы вариантын көрө элекпиз. Сиз мыйзам долбооруна байланыштуу кандай сунуштарды бермексиз?
- Демократиялык институттар жана адам укуктар боюнча бюро кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө жоболордун алып салынышын кубаттайт. Бирок мыйзам долбоорунун азыркы турпатында деле адам укуктарына тобокелчиликтерди жаратат. Мен буга чейин белгилегендей, эл аралык стандарттарга туура келсе, адам укуктары жаатынан алып караганда негиздүү да бир катар талаптар бар. Аларга салык жана бажы декларациялары же арам акчаны адалдоого каршы чаралар кирет. Булар бардык уюмдарга колонулушу мүмкүн. Биз ЕККУ аймагындагы көп жылдык бай тажрыйбабызга таянып, бул нерселерди фундаменталдык укук жана эркиндиктерди сактоо менен ишке ашыруу боюнча бийликтерге кеңештерди берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Бирок биз азыр бул мыйзам кабыл алынышы менен өлкөнүн буга чейинки жетишкен көптөгөн ийгиликтери жуулуп кетеби деп кооптонуп турабыз. Биз мындай учурларды көрүп жүрөбүз. Ошондуктан парламентти бул мыйзамды талкуулоону токтотууга чакырабыз.
Дагы караңыз Орусия Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдарды ооздуктагысы келет- “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” дагы мыйзам долбоор Кыргызстандагы медиачөйрөгө көз салган укук коргоочулар менен байкоочуларды тынчсыздандырып жатат. Алардын кооптонуулары канчалык негиздүү?
- Февраль айынын башында мен жана ЕККУнун медиа эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзам долбоорунун медиага жана ачык талкууларга терс таасири туурасында тынчсыздануубузду билдиргенбиз. Муну дагы ЖМК жөнүндөгү мыйзам долбоору өндүү башка мыйзамдык актылардын контекстинде караш керек.
2023-жылдын июль айында ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү менен биргеликте Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун баштапкы версиясы боюнча биргелешкен өткөөл бүтүмүн жарыялаган. Июлдагы көтөрүлгөн маселелердин көбү азыр деле кала берүүдө. Анын ичине массалык маалымат каражаттарынын өтө кенен жана чачкын аныктамасы, онлайн-медианын милдеттүү катталуусу, массалык маалымат каражаттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укук мамлекеттик органдардын колуна топтолгону сыяктуу тынчсыздануулар бар.