Орусиянын Коргоо министрлиги 9-мартка караган түнү Украинага таандык 47 дрон жок кылынганын билдирди. Анын 41и Ростов облусунда, калгандары Волгоград, Курск жана Белгород облустарында атып түшүрүлгөн.
Ростов облусунун губернатору Василий Голубевдин айтымында, дрондорго чабуул жасоо учурунда эч ким жабыр тарткан эмес. Соккудан кийинки кырдаалды жөнгө салуу учурунда ӨКМ кызматкери жаракт алган. Учурда ал ооруканада.
Ал эми Курск облусунун башчысы Роман Старовойт атып түшүрүлгөн украиналык дрондун сыныктары бейтапкананын чатырына түшкөнүн билдирди. Жаракат алгандар болбогону менен жарылып кетүү коркунучунан улам реанимация бөлүмүндөгү бейтаптар эвакуацияланган.
9-мартка караган түнү Украинанын аймагына орусиялык дрондор кайрадан чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү кабарлады. Алардын эсебинде 15 учкучсуз учактын 12си Днепропетровск, Донецк, Полтава облустарында атып түшүрүлгөн. Жараат алгандар же каза тапкандар тууралуу маалымат айтылган эмес.
Дагы караңыз
Эрдоган Түркия орус-украин саммитин өткөрүүгө даяр экенин билдирдиМурманск соту Навальныйдын сүрөтүн экстремисттик символикага теңедиЮНИСЕФ: 230 млн кыз-келин жыныс органына мажбурлап операция жасоого кабылган