Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Мурманск соту Навальныйдын сүрөтүн экстремисттик символикага теңеди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Абакта каза тапкан орус оппозиционери Алексей Навальныйдын сүрөтүн жана астына гүлдөрдү даракка илип койгон активист Марина-Виктория Нагорныхга "тыюу салынган символдорду демонстрациялоо" беренеси менен айып тагылып, жети суткага камалды.

"ОВД-Инфо" маалымдагандай, Нагорных жалгыз акцияга чыгып, "митингге катышуу эрежелерин бузганы үчүн" 16-февралда кармалган. Ал "Алексей Навальный өлтүрүлдү. Анын каны Вованын колунда" деген жазууну кармап турган. Жети күндөн кийин бошотулганы менен кайра кармалып, экстремисттик символиканы демонстрациялоого айыпталууда.

Мурманскинин Октябрь райондук соту бул жазууда экстремисттик деп табылган "уюмдун жетекчисине таандык маалыматтар" бар экенин айтты.

Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөш фонду жана анын шайлоо алдындагы штабдары Орусияда экстремисттик жана террористтик уюмдардын реестрине киргизилген. Алардын символикаларын демонстрациялоого тыюу салынган. Бирок Навальныйдын өзүнүн сүрөтүн экстремисттик деп эсептөө жөнүндө мыйзамда айтылбайт.

Навальный каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген. Ал тергөөчүлөр Навальныйдын тажыясын жашыруун өткөрүүнү, болбосо абактын аймагына көмүшөрүн айтып ультиматум коюшканын билдирген.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив Роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG