Жаратылыш ресурстары, техникалык көзөмөл жана экология министрлиги Чүй облусундагы Куттуу-Сай-2 (Кутессай-II) жана Кале-Сай (Калесай) кендерин “Чоң-Кемин” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын аймагынан чыгаруу боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоочу бирдиктүү порталга (koomtalkuu.gov.kg) жайгаштырылды.
Долбоордун максаты Куттуу-Сай-2 сейрек кездешүүчү элементтер кени менен Кале-Сай бериллий кенин корголуучу аймактан чыгарууну көздөйт. Маалыматта бул аракет кен казуу тармагына инвестицияларды тартууга, анын ичинде Чүй облусунун Кемин районунда геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин өнүктүрүүгө шарт түзөрү айтылат.
“Кыргызстандын географиясы” (2004, Бишкек) энциклопедиясында жазылгандай, Куттуу-Сай-2 Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин тоосунда, Куттуу-Сай суусунун оң жээгинде жайгашкан. Ал 1952-1959-жылдары чалгындалып, запасы эсептелген. Кендин базасында 1958-жылдан бери Кыргыз тоо-металлургиялык комбинаты иштеп, 1990-жылдарга чейин СССРдин сейрек учуроочу металлдардын кошулмаларына болгон муктаждыгын канааттандырып турган. 1996-жылдын июнь айынан кийин өкмөттүн чечими менен казып алуу иштери убактылуу токтотулган.
Куттуу-Сай-2 кенинде сейрек учуроочу рудалардын 8 тиби бөлүнгөн. Алар: кварц-хлориттүү, кварц-серициттүү кызгылт гранофир, кварц-мусковиттүү, биотиттүү роговик, брекчияланган сланецтер, серициттик метасоматиттер, кварцталган тоо тектер. Бул кендердин үч тиби сейрек учуроочу металлдардын запасынын 80% берет.
Кале-Сай (Калесай) бериллий кени да аталган Кемин районунда, Куттуу-Сай-2 кенинин карьеринин түштүк-чыгышында жайгашкан. Ал 1959-68-жылдары чалгындалган. Анда фенакит, гетгельвин, гельбертрандит, бавенит, баверит, берилл, миларит сыяктуу минералдардын запасы бар.
2009-жылы Канаданын Stans Energy компаниясы Куттуу-Сай-2 жана Кале-Сай кендерин иштетүүгө лицензия алып, 2011-жылы Кыргыз өкмөтү аны жокко чыгарган. Компания сотко кайрылып, 118 млн доллар доо койгон. Орусиянын Москва арбитраждык соту алгач чет элдик компаниянын пайдасына чечим чыгарып, кийин кайра Кыргызстан утуп чыккан. Соттошуу башка эл аралык соттордо уланган.
2016-жылы кендерди иштетүүгө кайрадан сынак жарыяланып, аны казакстандык “Камал Ойл” деп аталган компания утуп алган. Ал лицензия үчүн каралган 1 млн доллар өз мөөнөтүндө төкпөгөндүктөн келишим кайрадан жокко чыгарылган. 2017-жылы дагы сынак жарыяланган. 2019-жылы бул кендер үчүн лицензияны “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги алып, кийин мекеме өзү жоюлуп кеткен. (ErN)
Дагы караңыз
АКШ менен Улуу Британия Москвада террордук чабуул коркунучу тууралуу эскерттиБайден Путинге туруштук берүү үчүн Украинаны колдоо керектигин айттыАсел Ногойбаева жүрүшкө катышып, зомбулуктун бардык түрлөрү жектелиши керектигин айттыЭне жана баланы коргоо борборунун 30 жыл турган имаратын оңдоо башталдыТИМ Тажикстанда камалган кыргызстандык жаран тууралуу маалымат берди Садыр Жапаров аялдардын саясатка катышуусун колдоо керектигин билдирди