Иранда мунайды кайра иштетүүчү заводдо жарылуу болгонун, натыйжада өрт чыкканын, жабыркагандар бар экенин бүгүн 7-мартта мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Бандер-Аббас портундагы Афтаб ишканасында болду. IRNA жана ISNA агенттиктеринин алгачкы кабарларында бир нече киши каза болгону жана жараат алганы айтылган, бирок расмий тастыкталган эмес.
Кийинчерээк ишкананын коомчулук менен байланыш бөлүмү завод олуттуу зыян тартпаганын, эки киши гана жеңил жараат алганын билдирди.
Афтаб ишканасы, интернеттеги расмий сайтындагы маалыматка караганда, Ирандагы мунайды кайра иштетүүчү жеке ири ишкана болуп эсептелет. (RK)
Дагы караңыз
Электр энергиясын чектөөнүн графиги жарыяландыАк үй ооган жарандары үчүн виза программасы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскерттиЭнергетикадагы кризис: Майнинг ферма токту кайдан алат? Мурас-Ордодогу кооптуу көлмө, Ак-Жардагы өп-чап турмуш