Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:28

Ак үй ооган жарандары үчүн виза программасы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү менен кызматташкан Ооганстан тургундарынын АКШга көчүп кетүүсүндө маселе жаралышы ыктымал экенин 6-мартта Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирди.

Анын айтымында, президенттик администрация Конгрессти «виза боюнча лимитти жогорулатууга чакырды».

Ак үйдүн маалыматына караганда, америкалык өкмөт менен кызматташкан оогандарды көчүрүү программасы быйыл токтоп калса миңдеген адам «Талибандын» өч алуусуна кабылышы ыктымал.

АКШ жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк берүүчү атайын иммиграциялык визанын (SIV) Конгресс аныктап берген 38 500 даана лимити быйыл болжол менен август айында аяктай турганы, дагы 20 000 визага уруксат берүү чечимин Конгресс кабыл албай калышы мүмкүн деген кооптонуу жаралып жатканы белгиленди.

2001-жылдын 11-сентябрында АКШга террордук чабуул жасалгандан кийин Кошмо Штаттар баштаган НАТОго мүчө бир нече өлкө «Талибанга», «ал-Каидага» каршы согушун жарыялап, Ооганстанга өз аскерлерин жөнөткөн. Он жылдан кийин операция алкагында бул өлкөдө калган америкалык аскерлердин контингенти 110 миңге жеткен. 2021-жылы 15-августта талибдер Кабулду толук өз көзөмөлүнө алышкан, 31-августка караган түнү америкалык аскерлердин баары чыгып кетишкен.

Бийлик 20 жылдан кийин кайрадан «Талибандын» колуна тийгенде америкалыктар менен кызматташкан көпчүлүк жергиликтүү тургундар АКШдан жардам сурашкан. Айрымдары азыр чет өлкөлөрдө, кээ бирлери өз мекенинде виза күтүп жатышат.

Укук коргоочулардын айтымында, 20 жыл аралыгында АКШга 60 000ге жакын ооганстандык көчүп барган. (RK)

XS
SM
MD
LG