Казакстандын Энергетика министрлиги Кыргызстандагы майнинг фермаларга берилип жаткан электр энергиясы жөнүндө түшүндүрмө берип, алар токту мамлекеттик мекемелерге сатышарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечерин билдирди. Мекеменин маалыматын 7-мартта Казакстандын Tengrinews.kz басылмасы таратты.
Маалым болгондой, Казакстанда өндүрүлгөн электр энергиясынын баарын министрликке караштуу компания сатып алып, экспорттоо-импорттоону жалгыз ишке ашырат.
“Казакстандын, Кыргызстандын суу чарба жана энергетикалык мекемелеринин жетекчилери 2023-жылдын 25-августунда суу-энергетикалык кызматташтык боюнча келишимдерге жетишкен. Ага ылайык, 2023-жылдын сентябрынан 2024-жылдын апрелине чейин Казакстандан Кыргызстанга 1500 миллион кВт/саатка чейинки көлөмдө электр энергиясын жеткирүү каралган. “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдоо боюнча эсептик-финансылык борбор” жоопкерчилиги чектелген шериктештиги ("Жаңартылатын энергия көздерін қолдау жөніндегі қаржы-есеп айырысу орталығы", Казакстан) менен “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун (Кыргызстан) ортосунда электр энергиясын Казакстандагы Бирдиктүү энергетикалык системасында өндүрүү профицит болуп жаткан маалда сатуу тууралуу келишим кабыл алынган. Электр энергиясын Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасынын ичинде андан ары бөлүштүрүү Кыргызстандын энергетиктеринин гана ички компетенциясына кирет”, – деп айтылат Казакстандын Энергетика министрлигинин маалыматында.
Казакстандын тиешелүү мекемеси мындан сырткары экспорттук жеткирүүлөр Кыргызстандын Токтогул ГЭСинде жетиштүү суу чогултуу үчүн зарыл болуп жатканын, бул сугат мезгилинде өлкөнүн түштүгүн суу менен камсыздоо үчүн маанилүү экенин билдирген.
6-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин маалыматын угуп жатып, “Кыргызстанда электр жарыгын пайдаланууга чектөө кирип, гидростанцияларда суу жетишсиз болуп жаткан маалда майнинг компанияларга энергия сатылып жатканын” сынга алышкан.
Ибраев Кыргызстанда бир гана майнинг компания бар экенин, ал электр энергиясын Казакстандан өзү түз сатып алып жатканын айткан.
2023-жылдын июль айында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экенин тактаган.
Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип, "жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" тактаган. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.
Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган.
Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ал өз маегинде Кыргызстандын энергетика системасы транзит катары гана кызмат кылып жатканын айткан.
Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет. (ErN)
Дагы караңыз
Кызамыкка чалдыккандар 5 миңге чукулдадыБаткен жана Кара-Суу округдарындагы шайлоого биринчи талапкерлер арыз бердиCадыр Жапаров: Токтогул суу сактагычынан суу сатуу мүмкүн эмесДепутат кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын айттыБишкек быйыл өзү 24 млрд сом таап, республикалык бюджеттен дээрлик 7 млрд сом алатАтазов мандатын алуу боюнча соттун чечимине комментарий бердиКыргыз өкмөтү кытайлык компания менен чогуу "Почта банк" деп аталган банк ачат