"Азаттык" 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын түштүгүндөгү коомдук иштердин жүгүн көтөргөн аялдар тууралуу берүү даярдады.
Сергек жашоо - ден соолукка өбөлгө
73 жаштагы Аминахан Калыкова Өзгөн районунун Куршаб айылында кыз-келиндер, апалар үчүн фитнес борборун ачып, айымдарды сергек жашоого үндөп келет.
"Биринчи байлык - ден соолук. Айрыкча аялдарыбыз такыр эле ден соолукка көңүл бурбайт. Жашы өткөн аялдарга фитнес клуб сөзсүз керек. Көп жылдан бери идеямды ишке ашыра албай келдим эле".
Аминахан Калыкова 13 жылдан бери Куршаб айылдык ден соолук комитетинде эмгектенет. Фитнес зал ачуу үчүн атайын долбоор жазып, 1 миллион сом грант утуп алган. Куршаб айыл өкмөтү кол сунуп, маданият үйүнүн бир бөлмөсүн берген.
Учурда Куршабдагы фитнес борборго жаш келиндерден тарта улгайган айымдарга чейин байма-бай каттап турушат.
"Бизге керек экен. Жаш өттү деп жата бербей, кыймылдаганга аракет кылсаң, өзүңдү жеңил сезесиң. Буттарыбыз оорубай калды деп сүйүнүп турабыз", - деди залга тынбай каттаган Гүлнар Тойтукова.
Аминахан спорт залын ачканга чейин 30 жылдай медайым болуп эмгектенген. Уул-кыздары бөлүнүп кеткенден кийин бүт өмүрүн коомдук иштерге арнап, төрт жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган.
Учурда Куршаб айылдык аялдар кеңешинин төрайымы катары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча да иш алып барат.
"Айылыбызда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук болбосо деген тилегим бар. Биз “Жигердүү жарандар” долбоорунан көп нерсени үйрөндүк. Зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн кандай иштерди алып барып, аялдарга укуктук, социалдык, психологиялык жардамды кандай көрсөтүш керектигин билип алдык. Зордук-зомбулукка кабылган 26 аялды шелтерге жөнөттүк, укуктук дагы, психологиялык дагы жардам алып, стресстен чыгып келишти", - дейт Аминахан.
Айылды таштандыдан арылткан Бактыгүл
Ноокат районундагы Кара-Таш айылында мурда таштанды чогултуучу жай болгон эмес. Тургундар таштандыны туш тарапка ыргытып келген.
Акыры айылдын жигердүү айымдары маселени колго алган. Жергиликтүү кеңештин депутаты Бактыгүл Мурзалиева Кара-Таш айылында тазалык ишканасын ачууга чоң салымын кошту.
"Буга чейин тургундар таштандыны талаага, жакын жердеги тоо этектерине ыргытышчу. Ал жамгыр жааганда эзилип, таза сууга аралашып, ооруларга себеп болуп жатты. Тазалык ишканасын ачуу демилгесин Кара-Таш айылынын активдүү жаштары колдоп, таштанды чогулткан атайын автоунааны өздөрү курап алышкан", - деди Мурзалиева.
"Адам ташыган узун эле спринтерди алып, баш жагын кыркып алып, астын ГАЗ-53түн рамасына орнотком. Кузовду дагы ширетип, өзүм курап чыктым. Ошондой эле таштанды жашиктерди көтөрүп, жүктөгөнгө атайын кран орноттум. Бул көтөрүп, тартып, төгүп, кайра ордуна коёт", - деди Кара-Таш айылынын тазалык ишканасынын жетекчиси Мирсалим Кудайкулов.
Кара-Таш айылынын тургуну Алтын Бакиев таштанды мурдагыдай чачылбай калганын айтты:
"Мурда жарга алып барып таштайт элек. Атайын жай жок болчу. Таштанды бир айдан ашык убакыт чыгарылбай кала берчү. 2 миңдей түтүн жашаган Кара-Таш айылына 55 таштанды челеги орнотулган. Таштанды чогулткан унаа аптасына беш күн иштейт. Бир аптада 25 тоннадан ашуун таштанды чыгарылып турат".
Айылды таштандыдан арылтуу Бактыгүл Мурзалиеванын жалгыз максаты эмес. Жергиликтүү кеңештин депутаты катары айылдан жумуш издеп миграцияга кеткендердин санын кыскартып, жумуш орундарын түзүү ниети бар. Ал миграциядагы татаал турмушту да башынан өткөргөн экен.
"Шартка байланыштуу үй-бүлөбүз менен мигрант болдук. Санкт-Петербургда эки жыл, Москвада эки жыл жүрдүк. Тигүү цехинде иштедим", - дейт Бактыгүл айым. Ал миграциядан кайтып келгенден бери кыргыз почтасына жумушка орношуп, аялдар кеңешине мүчө болуп, айтор коомдук иштерден колу бошобойт.
Бактыгүл Мурзалиеванын жолдошу Рахманжан Мамажанов жубайын ар тараптан колдоп турат:
"Сен аялыңан коркосуң дегендей сөздөр болот. Эгерде корксоң, үй-бүлөнү башкарбайсың да. Ооба, мен корком деп коём. Ошол туура болот. Чындыгында ар бир адам жашоо үчүн күрөшүү керек. Тамаша сөздөрдү мен туура кабыл алам".
Бактыгүл Мурзалиева бош убактысында тикмечилик менен да алектенет. Келиндер балдарын таштап, алыска иштеп кетпеши үчүн айылдын ичинде тигүү цехин ачууну көздөп келет. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кол сунуп, кайрымдуулук фонддору менен дагы кызматташат.
"Айыл жергесинде тикмечилик ар бир аялдын колунан келет. Менин эң биринчи максатым - аялдарды жумуш менен камсыз кылуу. Ушул депутаттык кезимде бир ишкана ачып, аялдар менен чогуу иштешип калсак деген ниетим бар. Кудайым буйруса, болот".
Айылга асфальт төшөтүп, бала бакча салдырган Лолахон
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Лолахон Нишонова өкмөттүн көзүн карап отура бербестен, өзү жашаган айылдын көчөлөрүнө асфальт төшөттүрүүгө салым кошкон.
"Бир жумуш менен көчөгө чыгып калсак, көлөч кийип, таза жерге жеткенде туфли же башка бут кийим кийчүбүз. Чынын айтсам, алгач ишти өзүмдүн көчөмдөн баштадым. Айыл өкмөттөн 700 миң сом бөлдүрттүм. Андан кийин эл өзү 700 миңди топтоп берди. Азыр эл түшүнүп калды. Бул көчөнү асфальттап бериңизчи деген беш көчөдөн арыз бар".
Лолахон айымдын демилгеси менен Нариман айыл өкмөтүндө баш-аягы 10дон ашуун жол асфальтталган. Лолахон эми электр энергиясына кошулбай калган үйлөргө зым тарттыруу аракетин көрүүдө.
"Бул трансформатор айыл үчүн эң керек экен. Азыркы күндө электр жарыгы эл үчүн көйгөй болуп жатат. Биз мектептин трансформаторунан пайдаланчубуз. Кышкысын свет улам өчүп, кайра жандырып убара тартчубуз. Трансформатор мына бүтөйүн деп калды. Кудай кааласа, эки айда ишке берилет. Электр жарыгы 120 түтүнгө жетет. Баардыгы ушул трансформатордон алышат".
Нариман айылында буга чейин мамлекеттик бала бакча болгон эмес. Айыл тургундары чүрпөлөрүн коңшу айылдарга же болбосо жеке менчик бала бакчаларга берип келишкен. Лолахон Нишонова азыр бул айылда мамлекеттик бала бакча курдуруу үстүндө иштеп жатат:
"Бакча 120 балага ылайыкталган. Жери 50 сотых. Бул бала бакчаны мурдагы депутаттар 20 жылдан бери салдыра алышпай жүрүшкөн. Нариман айыл өкмөтүнүн депутаттарынын төрайымы Артыкова Бурулкан деген курбум бар. Экөөбүз ойлонуп, кел, жер бар, ошол жерди дагы сатып жиберишпесин деп, 70 миллион бөлдүрдүк, эми 120 орундук балдар бакчасы курулууда. Быйыл декабрда ишке берилет деп күтүп атабыз".
Жергиликтүү кеңештин депутаты Лолахон аялдар кеңешинин да төрайымы катары үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөш жүргүзүп келет. Зордук-зомбулукка кабылган айымдарга жардам берүү боюнча атайын китепче жазган. Анда зордук-зомбулуктун түрлөрүн сүрөттөп, айымдар кайсы жерден, кандай жардам ала алышарын дагы көрсөткөн.
"Китепчелерди таратуу өтө кыйын болду. Анткени зордук-зомбулук болгон үй-бүлөлөргө алып барып берүү өтө кыйын. Мындан улам социалдык кызматкерлерди жардамга чакырдым. Алар айылдагы зордук-зомбулук көргөн кыз-келиндерди, балдарды тактап, тизмесин түзүштү. Ошол тизме боюнча үймө-үй кыдырышты. Зомбулук болгон үй-бүлөнүн кошунасына беришти. Кийин кошуналары китепчени жапа чеккен айымдарга таратышты".
Лолахан айым сегиз айда жазган китептин 500 нускасын кыргыз тилинде, дагы 500үн өзбек тилинде чыгарган:
"Бир бөлүгүндө - мамлекеттик мыйзамдар. Экинчи бөлүгүндө - ислам мыйзамдары. Экөө бири-бирине шайкеш келтирилген. Жеткиликтүү болушу үчүн молдолор, теологдор курандагы, китептеги мыйзамдарды жөнөкөйлөтүп кайра жазып беришти".
Лолахон Нишонова - жергиликтүү депутат, аялдар кеңешинин төрайымы, жаштар борборунун, маданият үйүнүн директору. Көптөгөн иштерди коомдук негизде аткарат. “Айлыгы жок жумушка жаштар келбейт экен, аргасыз өзүм алып барам”, - дейт ал.
Үйүн бала бакчага айланткан Салимбү
Өзгөн районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Салимбү Жаңыбаева 42 жылдан бери мугалим болуп эмгектенип, башталгыч класстардын окуучуларына сабак берет. Өткөн жылы өзү жашаган үйүн бала бакчага айлантып, мектепке чейинки курактагы бөбөктөрдү дагы тарбиялай баштаган.
"Бул биздин жашаган үйүбүз болчу. Абышкам экөөбүз ушул үйдө жашаганбыз. сегиз баланы - жети кыз, бир уулду чоңойттук. Учурда бул жерде 60 бөбөк тарбияланат".
Ак-Жар айылындагы мамлекеттик бала бакчага батпай калган чүрпөлөр Салимбү Жаңыбаеванын бала бакчага айланган үйүндө тарбияланышат. Салимбү айым бөбөктөр мектепке чейин тегиз билим алышы керек дейт:
"Баардыгын өзүм каржыладым. Каражат жагынан Орусияда иштеген кызым жардам берди. Күйөөмдүн автоунаасын саттык. Өзүмдүн айлык, пенсиямды дагы жумшадым".
Салимбү Жаңыбаева өзү жашаган үйүн бала бакчага айланткандан кийин короосундагы чакан бөлмөгө көчүп алган:
"Короодогу чакан бөлмөдө алты жаштагы балам менен жашайм. Бардык буюм-теримимди, 6-7 бөлмөдөгү оокаттарымдын ашыкчасын кыздарыма берип, өзүмө керектүүсүн эле алып калып, ушул жерде жашап жатам азыр.
Бала бакчаны ачканда Ак-Жар айылынын кыз-келиндерин дагы жумуш менен камсыз кыла алдык", - дейт Салимбү айым. Учурда айылдагы 17 келин бакчада туруктуу иштеп, айлык акы алып турушат.
Бала бакчанын түйшүгү менен катар Салимбү айым Ак-Жар орто мектебиндеги жумушун да таштаган эмес.
Айылдык кеңештерге аялдардын шайланышы эмнеге маанилүү?
2023-жылы апрель айында Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңеште шайлоо өткөн. Жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышып, 164ү аялдар экени, 254 мандаттын 30% же 97си аялдарга бериле турганы кабарланган.
Жогорку Кеңештин 4-чакырылыштагы депутаты Гүлжамал Султаналиева айыл-аймактардагы активист айымдардын, жергиликтүү кеңештердин айым депутаттарынын коомдук жашоодогу ролу чоң деп эсептейт.
"Саясат өзү жергиликтүү бийликтен башталат. Бардык маселе: социалдык, саясий, экономикалык маселелер жергиликтүү бийликтен башталат. Эгерде жер-жерлерде туура чечилгенде, биз бул маселелерди жогорку деңгээлге азыраак чыгарат элек да. Мындан улам жергиликтүү бийлик органдарында айымдардын санын арбытуу зарыл. Активдүү болом деген аялдарды биз окутуп, үйрөтүп, билим деңгээлин жогорулатышыбыз керек".
2019-жылы өзгөртүү киргизилген “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу” мыйзамга ылайык айылдык, шаардык кеңештердеги депутаттардын 30% аялдардан турууга тийиш.
Кыргызстанда соңку жылдары мамлекеттик башкарууда гендердик теңдик сакталбай, ага айымдардын катышпай калып жатышы көп талкууланып келет. Алсак, Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 30у гана айымдар. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсү болсо, анда үч эле айым министр бар.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Берүүнү тартууга көмөктөшкөн USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбооруна ыраазычылык билдиребиз.