Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Зомбулуктан азап чеккен аялдарды калкалаган "Ак жүрөк" оор абалда


Дарика Асилбекова
Дарика Асилбекова

Ошто зордук-зомбулукка кабылган аялдар убактылуу баш калкалай турган жалгыз гана жай бар. Ал азыр жабылуу коркунучунда турганын “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди. "Азаттыктын" кабарчылары кыйын кырдаалга кабылган кыз-келиндерге жардам берген уюмга барып келди.  

Төрт бөлмөдөн турган чакан жайдын кире беришинде эле чайынма (душ) бар. Аны парда менен тосуп коюшуптур. Кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова өз чөнтөгүнөн суу жылыткыч жана башка шаймандарды сатып алып, эски имаратта аз да болсо шарт түзгөнүн айтты.

Дарика Асилбекова "Азаттыктын" кабарчысы Алмира Абидинова менен
Дарика Асилбекова "Азаттыктын" кабарчысы Алмира Абидинова менен

“Биз келгенде мында эч нерсе жок болчу. Бул жер - мамлекеттик объект. 2009-жылы 20-июнда киргенбиз. Ошол жылы апрелден июнга чейин өз каражатымды сарптап, оңдоо иштерин жүргүздүм. Бирок минтип бүгүнкү күндө жабылуу алдында турабыз. Себеби, бул жай азыр Ош облустук администрацияга карабай калыптыр. Азыр кимге карап калдык, кандай болду - билбейм. Бизге бирөөлөр келип, чыгасыңар деп акт түзүп кетти”.

Асилбекова бул имарат Саламаттык сактоо министрлигине өткөнүн укканын кошумчалады:

“Бул жерде жаш балалуу келиндер, эки-үчтөн балдары бар үй-бүлөлөр убактылуу баш калкалап отурат. Кышында мен аларды каякка алып барам?”.

“Ак жүрөк” кризистик борбору 2002-жылы ачылган. Ал эми 2009-жылы борбордо башкалка издегендер үчүн жай уюштурулган. Аталган жайды негиздеген Дарика Асилбекова 73 жашта. Төрт баланын энеси убактысынын көбүн иш үстүндө өткөрөт.

“Мен ар күнү жаңы көйгөй менен уктайм. Түндө түшүмө кирет. Уктай албайм. Кечээ Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштоого аракет кылган бир келинди алып келишти. Түндө уктай албай чыктым. Ал келин дагы таң атканча уктабай, коридордо басып чыкты. Көчөдө санаага батып бараткан аялды көрсөм, жүзүнөн байкайм, “ой, байкушум, бул дагы азап тартыптыр” дейм. Ушунчалык кыйналып жатыптыр деп, кээде чыдабай колунан кармайм: “Эмнеге кыжалат болуп жатасың? Запкы чегип жатыпсың, андай кылба, мындай кыл”, - дейм. “Эжеке, телефон номериңизди бериңизчи?”, - дейт анан. Адамдын ички абалы жүзүнөн көрүнүп турат да”.

Зардап чеккен ар бир кыз-келиндин көйгөйүн жүрөгүнөн өткөргөн каарманыбыз таң эрте “Ак жүрөктүн” кеңсесине жөнөйт. Дарика айым менен кризистик борборго баш бакканыбызда чакан бир бөлмөдө юрист менен психолог отуруптур. Аларды кепке тартканыбызда, зомбулук жылдан жылга күчөп баратканын айтышты.

Психолог Аида Шерматова бул борборго жалпы эле өлкөнүн түштүк аймагынан жардамга муктаж кыз-келиндер кайрыларын айтты:

“Бир эле Ош шаарынан эмес, түштүктөгү бардык жерлерден бизге телефон чалып кайрылышат. Биз онлайн жана оффлайн кеңештерди берип турабыз. Бир учурду айтайын. Бизге кечки саат 19:00дө Чоң-Алайдан телефон шыңгырап калды. Кышкы чилде, кар калың. “Эки балам менен каякка барам, кандай кылам?” дейт. Ошондой мезгилде коопсуз жайга качып чык деп кеңеш беребиз. Мындайлар көбүнчө биздин башкалка жайга келишет. Зордук-зомбулукка кабылган ар бир аялга психологиялык жардам керек. Бирок муну көбү түшүнбөйт. Бизде көпчүлүк адамдар психологиялык колдоо менен психиатриялык жардамдын айырмасын биле беришпейт. Муну түшүнбөй эле “мен псих эмесмин” дей бергендер болот”.

“Ак жүрөктүн” юристи Жылдыз Айтбаева болсо учурда мүлк бөлүштүрүү эң чоң көйгөй экенин, анын айынан көп учурда аялдар бара турган жайы жок каларын белгиледи:

“Азыр көбүнчө жубайлар бирге тапкан мүлктөрүн башка адамдарга, туугандарына же тааныштарына каттатып коюшат. Аны бөлүштүрүүгө келгенде кыйын болуп калат. Миграцияда жүргөн келиндерге да кыйын. Күйөөсү экөө чет жакта ден соолугун, жаштыгын берип, күнү-түнү иштеп тапкан акчасын салып турушат. Ошол акчага үй курулат. Бирок ажырашып кетсе, аялдын эмгеги бааланбай, өз үлүшүнө ээ боло албай калат. Укугун коргоого көзү жетпегендиктен, көпчүлүк аялдар зомбулук көрсөткөн адамга каршы жазган арызын кайтарып алышат. Себеби алар көчөдө калуудан коркот. Ошондуктан айлап-жылдап уруп-сабоого, психологиялык басымга чыдап жашай бергендер көп”.

Дарика Асилбекова кризистик борборго келген келин менен
Дарика Асилбекова кризистик борборго келген келин менен

Дарика Асилбекова зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейт:

“Уруп-сабаган менен психологиялык зомбулуктун жазасын мыйзам чегинде бирдей эле кылыш керек деп ойлойм. Себеби психологиялык зомбулук кол көтөргөн зомбулуктан да оор. Адамды мите курттай жегенге эле барабар. Ар бир айтылган жаман сөз адамдын жүрөгүнө барып сайылат. Ден соолугуна таасирин тийгизет. Жабыктырат”.

Баш калка жайгашкан имарат Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү деген маалыматтан улам бул мекеменин өкүлү менен байланыштык.

“Көп жылдардан бери “Ак жүрөк” кризистик борбору биздин оорукана менен келишим түзүп, бизге караштуу имаратты акысыз иштеп келген. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги биргеликте чыгарган буйруктун негизинде биз ал имаратты, анын ичинен кризистик борбор ээлеп турган бөлмөлөрдү Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалына өткөрүп бердик. Учурда аталган институттун өкулдөрү кризистик борборго бөлмөлөрдү бошотуп берүү өтүнүчү менен кайрылган”, - деди Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчиси Атабек Жумалиев.

Ошто зордук-зомбулукка кабылган аялдар кайрыла турган бир нече кризистик борбор бар. Бирок алардын ичинен бир гана “Ак жүрөк” кыйын кырдаалга кабылган кыз-келиндерге убактылуу башкалка берет. 2022-жылы кризистик борборго 1300 киши кайрылган. Былтыр 1700дөн ашык адамга көмөк көрсөтүлгөн.

Кокус "Ак жүрөк" жабылса, зомбулуктан качкандар кайда барат деген суроо туулат.

2023: Кайдыгер коомдогу кор болгон аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:11 0:00

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG